Домой Саясат Бишкектин мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов СИЗО-1 мекемесине камалды

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов СИЗО-1 мекемесине камалды

19

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен борбор калаанын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов 31-майга чейин камакка алынды.

Бүгүн, 5-апрелде АКИpress агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Алымкулов СИЗО-1 мекемесинде камакта болот. Мындай чечим 2-апрелде чыгарылган.

31-мартта Алымкулов жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдары менен бирге Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, кымбат баалуу жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан.

Алымкулов вице-мэр кызматында 2019-жылдын февраль айынан 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген.