Домой Саясат Бишкекте «Ишеним» саясий партиясынын кезексиз съезди өтүп, талапкерлердин тизмеси жана партиянын программасы...

Бишкекте «Ишеним» саясий партиясынын кезексиз съезди өтүп, талапкерлердин тизмеси жана партиянын программасы бекитилди

929

Талапкерлердин тизмесин партиянын лидери Азамат Дороев жетектеп барууда. Саясий уюмдун курамын жаш лидерлер, ар кайсы тармактан тажрыйбалуу адамдар толуктаган.

Дороев чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, өлкө жаңыланууга тарыхый мүмкүнчүлүк алганын айтты. “Жашоодо эң баалуу нерсе — бул ишеним. Ишеним менен чогулдук, ишеним менен кадам шилтеп жатабыз. Татыктуу парламентти тандоо оңой эмес. Элибиздин акыл-кеңештери менен өлкө келечегин өзгөртө алабыз. Бул үчүн жоопкерчиликти моюнга алууга даярбыз. Заманбап жашоо ар бир жарандын жана жалпы коомдун жашоосун жакшыртууга багыт алышы керек. “Ишеним” бардык тармактар боюнча жарандардын каалоолорун ишке ашырууга даяр!”

Ал эми партия төрагасынын орун басары Рысбай Аматов бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгүнө токтолду. “Бир айдан кийин жарандар партияны гана эмес, өзүнө жаккан адамдарды тандап добуш бере алышат. Ошондуктан, бул кыргызстандыктар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Жөндөмдүү, жаратман жаштар, элдин ишенимине ээ болгон адамдар биздин катарды толуктады. Буга чейин биздин эл саясий партиялардын жана лидерлердин кооз лозунгдарына алданып келчү. Бул ирет аң-сезимдүү, татыктуу тандоо кылалы. Эл ишеними деген чоң жоопкерчиликти моюнга алууга даярбыз”.

Партияныни тизмесин белгилүү юрист Медер Алиев да толуктаган. “Парламент мамлекеттин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө же жок болушуна чоң таасир этип келген. Партия приоритеттүү багыттарын ыйгарым укуктарынын негизинде ишке ашыруу үчүн интеллектуалдык, кесиптик деңгээли жогору адамдардан куралды. Ишибииз эл үчүн болсун”, — деди.

Сөз сүйлөгөн башка жаш талапкерлер жаңы идеялар, инновациялык ири долбоорлор менен Кыргызстандын экономикасын, социалдык чөйрөсүн жана аймактарды өнүктүрүүгө даярдыктарын билдиришти.

 

Ишенимдүү кадамдар – өнүккөн өлкө!

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28 -ноябрга белгиленген жана аралаш шайлоо системасы боюнча өтөт. ЖК жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат, анын ичинен 54 мандат пропорционалдык система боюнча бөлүштүрүлөт (саясий партиялардын талапкерлеринин арасында), 36сы мажоритардык система боюнча шайланат (бир мандаттуу округдарда).