Теӊирден бүткөн, Кудай колдогон, Жараткан өзү жар болгон бийлик деген түшүнүк дээрлик баардык коомдордо, баардык мамлекеттердин тарыхында кездешип келген. Азыр да тигил же бул формада кездешет. Бийликти билдирген сөздүн семантикалык маанилеринин мейкиндиги абдан кеӊири: ээлик кылуу, тескөө, ажыратуу же ыйгаруу, башкаруу, караламан тириликтен эркиндик, өзгөчө укуктун болушу, чечүү, күч-кубат ж.б.
Бийлик эӊ жогорку кудуреттин өзүнөн санкция алган жердеги озуйпа, аны аткара турган киши сый-урматка, кадырлоого татыктуу, анын чечимдери жараткандын буйругу. Демек, аткаруу милдет дегендикти туюнткан байыркы жана универсал көрүнүш. Мына кыскача айтканда бийликтин сакралдуулугунун формуласы. Бийликтин сакралдуулугу табу, тыюу, чектөөлөр менен бекемделген. Карапайым адамга жарашкан нерсе бийлик эгесине жарашпайт жана тескерисинче. Мисалы, «Кудайдыкы Кудайга, Цезардыкы Цезарга гана жарашат» (орусча «Богу богово, Кесарю кесарево; Что позволено Юпитеру, не дозволено быку»). «Хан денесин элге көргөзбөйт»; «Хандын сөзү эки болбойт»; «Падыша бир гана жолу айтат»; «Күн көзүн көргөн суукка тоӊбойт, Хан көзүн көргөн ачка өлбөйт» жана башка ушу сыяктуу иделогемалар кыска, насаат формасында дээрлик баардык элде түркүн вариантта кездешет.
Пирамидалар фараондордун катырылган денеси коюлган таш мүрзө эмес, кудуреттен бүткөн фараондордун эрки, жараткандын санкция алган адамдын күч-кубатын билдирет. Фараондорго арналган пирамидалар алардын көзү өткөндөн кийин канча бир жылдар бою салынган. Фараон кеткен, бирок бийликтин сакралдуулугуна шек жаралып, кадырына доо кеткен эмес. Кийинки фараон өзүнөн мурункунун кол тийбестиги үчүн кам көргөн, ансыз өзүнүн легитимдүүлүгүнө залакасы тиймек.
Эгер Александр Македонский өз бийлигинин ыйыктыгын мифологияга негиздесе (Гераклдын урпагы), Рим императору Гай Юлий Цезарь Венеранын уулу деген миф менен чектелбей, өз бийлигинин ыйыктыгын сенат кабыл алган мыйзамдар, символдор, идеологиялык бүтүндөй система менен негиздеген. Ал тургай күн эсебин, жыл санагын өз сакралдуулугу менен бышыктаган (юлиан календары, июль, август айлары). Бекеринен Рим укугунун жана мамлекеттик түзүлүшүнүн, маданиятынын мураскерибиз деп эсептеген Европа өлкөлөрүндө Цезардын ысымы мамлекет башчысынын титулуна кошо айтылып, анын сакралдуулугунун негизги элементи катары кызмат кылган, мисалы Август сымал, Кесарь титулдары, Германияда Кайзер, Россияда жана Болгарияда Царь (Цезардын ысымынын башкача айтылышы).
Автор: Алмаз Кулатов