Домой Аналитика БОКтун максаты — бийликти басып алуу экени ашкере болду

БОКтун максаты — бийликти басып алуу экени ашкере болду

137

БОК

«Учурдагы оппозициянын (БОКтун) жападан жалгыз максаты эле — бул бийликти басып алуу, бийликке жетүү, андан башка мамлекет кызыкчылыгындагы максаттары жок» деген пикирлер маалымат булактарында көп эле жазылды, айтылды. Бирок, буга оппозиция жээгиндегилер чычалап, «бизди ушинтип эле каралап келатышат» деп келишкен эле. Жакында эле интернет булактарына оппозициячылдар Кубаныч Кадыров менен Бектур Асановдун, андан соң ошол эле Кубаныч Кадыров менен Дуулат Турдуналиевдин бийликти басып алуу тууралуу пландары талкууланган аудио жазуусу жарыяланды. Анда жакынкы аралыктарда бийликти кандайча басып алуу керек экендиги тууралуу эч тартынбай, кең-кесири отуруп сүйлөшүшкөн экен. Кыязы, көк чайдан демдетип алышып, чайканалардын биринде чалкалай отуруп сүйлөшүшсө керек. Туура, Кубаныч мырза менен Бектур мырзанын сүйлөшүүсү өзүнчө, ал эми Дуулат мырза менен Кубаныч мырзанын сүйлөшүүсү өзүнчө болгон.

Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыровдун бул сүйлөшүүсүндө Кубаныч мырза Дуулат Турдуналиевди мактап, аны менен 6 жылдан бери бир туугандай болуп калганын билдирет. «Мына митингдер башталды. Нарында өттү. Дуулат Таласта өзүм өткөрөм деп атат. Биз ошого «подгонять» этип элди көчөгө алып чыксак, мен ойлоп атам, бийликке өзүбүз жооп беребиз. Биз жоопкерчиликти Бектур Асанов, мен, Замира Сыдыкова, Адил Турдукулов, Клара Сооронкулова дагы башка кишилер болуп өз мойнубузга алабыз», — дейт ал. Кубаныч мырзанын мындай сөзүнө эрээркеп кеткен Бектур мырза: «Кылабызбы? Бүт жерде кылыш керек, анан көл калып калбасын, Нарын калып калбасын, Ош калып калбасын, Баткен калып калбасын…», — деп күпүлдөйт. Эми суроо туулат — Кубаныч Кадыров санап өткөн адамдар бийликти басып алып, «жоопкерчиликти» моюндарына алса, мамлекетибиздин тагдыры кандай болот? Бектур Асанов сепаратист Кадыржан Батыровдун кан досу, Кубаныч Кадыров ИИМдин орун басары болуп азыраак убакыт иштей калганында эле коррупциянын атасын кандайча таанытарын бүтүндөй милиция кызматкерлери жакшы билип калган. Замира Сыдыкова болсо канкор Бакиевдердин режимине жан дили менен кызмат өтөп, ал кызматы үчүн АКШ элчилигин да аркалаган журналист. Адил Турдукуловдун атын оозанууга деле болбойт негизи, аны кандай гана кызматка койсоң да, колунан дубалга сүрөт тарткандан башка иш келбейт. Клара Сооронкулова болсо кызматынан ажырап калганынын эле ызасын тартып жүрөт.

Мурат МУСАКЕЕВ