Домой Маек Кенжебек Бокоев: Оппозициянын жанданганы бийликке коңгуроо болушу керек

Кенжебек Бокоев: Оппозициянын жанданганы бийликке коңгуроо болушу керек

98

Кенжебек Бокоев

“Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев менен маек.

— Кенжебек мырза, аз күн мурун кайрадан баягы эле Мадумаров, Келдибеков, Ташиев сындуу эскилерден түзүлгөн оппозициялык кыймыл тууралуу эмне айтасыз? Сиздердин фракция дагы парламентте расмий түрдө оппозициялык блокто да. Алар менен кызматташасыздарбы?

— Кызматташуу маселеси боюнча биз азырынча өз оюбузду билдире элекпиз. Бирок, биздин партиялашыбыз Камчыбек Ташиев бул кыймылдын башында тургандардын бири  болуп жаткандан кийин, балким кандайдыр бир деңгээлде кызматташуу болот го. Эми мунун баарын убакыт жана өлкө ичиндеги жалпы кырдаал, саясат көрсөтөт да. Ал эми чынында мындай оппозициялык кыймылдын түзүлүп жатканы жакшы көрүнүш – бул президентке, спикерге, өкмөт башчыга кайсы бир деңгээлде коңгуроо болушу керек. Демек, бийлик оппозиция менен бүгүндөн баштап талапка ылайык иштешип башташы керек.

— Бийликке таарынган, айыбы ачылып соттолгон, таза эмес, эл ичинде кадыры “кайтыш” болгондордун басымдуу бөлүгү оппозиция болуп алганын жакшы билесиз. Ушундан улам, мындай адамдарды эл ээрчийт деп ойлойсузбу?

— Оппозициядагылардын баарын эле булгангандар, соттолгондор деп айтууга болбойт. Арасында кадыр-барктуулары да бар. Мисалы, Өмүрбек Субаналиев өз ишин мыкты билген, эч сатылбаган адам. Эгер аны бул бийлик күч тармактарынын бирине жетекчи кылса, абдан мыкты иштеп, бийликтин аброюн көтөрмөк. Камчыбек мырза да оңой адамдардан эмес. Жакшы эле кадыр-баркы бар. Бийлик аны шайлоо учурунда атайы оюн уюштуруп, тизмеден алдырып койбодубу. Болбосо, ал биздин катарыбызда депутат болуп турганда биздин фракция бир топ күчтүү болмок.

— Сөзүңүзгө аралжы. Ташиев шайлоого катышуу укугунан өзүнүн “чоң муштумунун” азабынан улам четтетилгенин бешиктеги бала да билет. Ал окуяны бийликке түртө салуу бет тырмарлык эмеспи?

— Шайлоодо чоң окуялар болбодубу. Чынында шайлоо маселесине байланыштуу эл билген да, билбеген да ар кандай иштер бар. Алардын кээ бирлери бир тараптуу каралып калды. Мына ошол бир тараптуу каралган окуянын бири — дал ушул Камчыбек Кыдыршаевичтин мушташуу окуясы. Каалайбызбы, каалабайбызбы, бул иш бийликке жан тарткан тараптардын уюштурган иштери. Тилекке каршы, бул иш боюнча тергөө иши эмдигиче аягына чыга элек. Мунун да кандайдыр бир себептери болушу толук мүмкүн. Жыйынтык талапка ылайык бурмаланбай чыкса, бул тууралуу дагы сөз болот.

— “Республика – Ата Журт” парламентте оппозициялык маанайдагы фракция болгону менен, бүгүнкү күнгө чейин өз күчүн, мүмкүнчүлүгүн көрсөтө албай келет. Сиз деле бул сөзгө кошулсаңыз керек. Бир сөз менен айтканда, элге алына албай, алсыз оппозиция болуп жатасыздар?

— Оппозиция десе эле көчөлөрдө митингдерди уюштуруп, кыйкырып-өкүрүп, бийликти беттен алып сөккөндөрдү түшүнбөшүбүз керек. Биз бийликке туура сунуштарды айткан конструктивдүү оппозициябыз десек болот. Анын үстүнө 6-чакырылыштын иши эми гана башталбадыбы. Алдыда дагы 5 жылга жакын убакыт бар. Бул убакыттын ичинде биздин фракция оппозиция катары талаптарга жооп бере турган сапаттуу, салмактуу иштерибизди көрсөтүүгө жетишебиз деп ойлойм. Негизи биздин фракция шайлоодо КСДПны эске албаганда 1-орунга чыгып, 28 мандатка ээ болду. Андыктан биз оппозицияда эмес, көпчүлүк коалицияга кирип, шайлоо учурунда элге убада кылган 15 программаны ишке ашыралы деген максатты көздөгөнбүз. Бийликчил партиялар бизди колдошкон жок, колдомок турсун атайы четке сүрүп, өздөрүнчө көпчүлүк коалицияга киришти. Ал тургай статусу боюнча оппозициялык маанайдагы “Бир Бол” партиясы да өзүңүздөр көрүп жаткандай бийликке ыктап алды. Натыйжада биздин фракцияга бир да комитетти, комитеттин орун басарлыгын да ыраа көрүшкөн жок. Бирок, биз ошондой болсо да, элге убада кылган программаларыбызды акырындык менен башка жолдор, башка ыкмалар менен болсо да ишке ашырууга аракеттерди көрө бермекчибиз.

— Оппозициялык фракция катары сиздер биринчилерден болуп “Мегакомдун” сатыкка чыгышы боюнча өз пикириңерди, сунушуңарды айтышыңыздар керек эле. Кечигип жаткан жоксуздарбы?

— “Мегаком” маселеси боюнча биз өз фракциябызда талкуу болуп, өз пикирибизди айтабыз. Такыр айтпай, унчукпай калбайбыз. Эгер жең ичинен туура эмес соодалашуу, ар кандай мыйзам бузуулар болсо, сөзсүз түрдө оюбузду, сунушубузду билдиребиз. Негизи, жаңылбасам 5-чакырылышта өкмөт сатыкка чыгара турган мекемелердин тизмесин алып келип бекиткен. Мына ошол тизменин катарында “Мегаком” дагы болсо керек эле. Мына ошол себептен, бул маселе азырынча парламентте анчалык кызуу талкууга алынбай турат.

— “Республика — Ата Журттун” кадырын түшүргөн көрүнүштөрдүн бири — бул мандат талашуу маселеси экени талашсыз. Бул көрүнүш жакын арада токтобой калды го. Жакынкы айларда дагы кимдер мандатынан ажырайт? Бул маселени ачык айта аласызбы?

— Бул маселе азыр ар бир фракцияда болуп жаткан көрүнүш. Болгону биздин фракцияда биринчилерден болгон үчүн сиздер көбүрөөк кызыгып жатасыздар го. Менимче, шайлоо боюнча мыйзам өзгөрүшү керек. Маселен, ким аз добуш алса, ал тизмеде алдыда болсо да, тизмеде артта туруп көп добуш алып келгендерге жол бошотуп бериши керек. Биз ушундай тартип менен шайлоого аттанганбыз. Бул маселе боюнча 5-чакырылышта айрым депутаттар мыйзам жазып чыгышканы менен, ал мыйзам колдоо таппай калбадыбы.

— Элге эч эле жакпаган, “Кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын” деген каргануу, ант берүүнү колдонуп, коомчулукта катуу сынга кабылдыңыздар. Сиз дагы ант бергенсиз да?

— Андай антты баары эле беришкен.

— Жакын арада “Республика – Ата Журт” ажырашып, Бабанов менен Ташиев эки башка жолго түшүшү мүмкүн деген сөз абдан көп айтылууда. Бекер жерден айтылбаса керек…

— Ажырашуу, эки башка жолго түшүү маселеси биздин бириккен партияга эле тиешелүү эмес. Бул бириккен партиялардын баарына түздөн-түз тиешеси бар. Неге дегенде саясатта ар кандай оюндар, талаш-тартыштар болбой койбойт. Анын үстүнө биздин лидерлерибиз Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев кудайга шүгүр, амбициялуу адамдар. Ошон үчүн, бул маселени баса белгилеп, бир тараптуу айтуу кыйын. Учурда фракция ичинде ынтымагыбыз ойдогудай. Талашып-тартышкан маселелер жок.

— Соңку суроо болсун.  Акыркы учурда эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоо тууралуу ар кандай сурамжылоолор жүрүп, ага Бабанов катышаары баса белгиленип, аны сүрөгөн күчтөр эмитен байкалып жаткансыйт. Бул боюнча эмне айтасыз?

— Азыр бул маселеде кененирээк кеп кылуу бир аз эртелик кылат го. Мисалы, мен жакында эле өткөн Бишкектин мэрин шайлоого биздин партия  талапкер чыгарсак болмок деген сунушту айттым. Утулуп калуудан качпай, өз талапкерибизди катыштыра берсек деп ойлогом. Ал эми президенттик шайлоого Өмүрбек Токтогуловичти катышпайт деп айта албайм. Бирок бул маселеде да Баш мыйзамга жана башкаларга байланыштуу бүдөмүк нерселер бар. Мына ошолорду алгач такташыбыз керек. Катышуу учуру келгенде баары ачыкталат.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев