— Жыпар Жекшеевич, Атамбаев сизден уулу, сиз менен тең курдуу бир топ адамдарды бийликте чоң кызматтарда иштетип, алардын тажрыйбасын пайдаланып жатат. Сиздин тажрыйбаңыз да бай, сизди Атамбаев жакшы билет. Эмне үчүн сизди кызматка чакырышкан жок?
— Биз, кыргыздар эки эле нерсе үчүн төрөлдүк беле? Бири той, экинчиси митингге чыгуу. Тойсуз деле, митингсиз деле иштесе болот. Жөнөкөй эле өзүңчө иштеп, фирма түз, жакшылап иштет. Эки, үч жолу той бербей койсо, ошол акчага чакан фирма түзүп койсо болот. Адегенде эле байып кетпейт да, акырындык менен болот. Көпчүлүгү дароо байыйбыз деп, алды-артын карабай жатып, ит болуп жатышпайбы. Ак эмгек менен иштей берсең, бай болосуң, анан тегерегиңе, бара-бара мамлекетке да өз күчүң менен жардам бере баштасаң болот. Сөзсүз эле депутат же министр болуп, өзүңдү көрсөтүш керекпи? Бул туура эмес. Чоң сумка көтөрүп, Ак үйгө кирип-чыгып жүргөндүн мага кызыгы деле жок.
— Шайлоого да катышкан жоксуз? Негизи сизди көп эле партиялар чакырышты да…
— Туура, мени өткөн 5 чакырылыштагы шайлоого да, бул шайлоого да бир топ партиялар тизмебизге кирип бериңиз деп чакырышканы ырас. Баары билет, мен эч кандай акча бербеймин. Аларга бере турган акчам да жок, болгон күндө да бербейм. Анткени, мен өмүр бою өзүмдүн идеям менен, көз карашым менен жүргөн адаммын. Мени чакырган партлидерлерден: “Силерди ким каржылап жатканын ачык айткыла, анан мен кошулуп, болушунча иштейм”, — десем, ошол партиянын лидерлери: “Байке, акчаны билип эмне кыласыз, ал биздин көйгөй, сизден акча сураган жокпуз го”, — дешет. Мага мындай мамиле жарабайт. Андыктан, мен баарынан баш тартып келдим. Ал тургай Акаев дагы мага эки жолу кызмат сунуштаганда, өз шартымды койгом. Эл алдында жүзүм жарык. Эч кимге көз каранды да эмесмин. Кайсыл жерге барсам, эл мага сый-урмат көрсөтүшөт. Ушул менин чоң байлыгым.
— Акаев менен Бакиев да бир топ кызматтарды сунуштап жүргөнүн билебиз, азыр аны эске салып, ачык айтып бербейсизби?
— Акаев убагында менин оозумду басайын деди окшойт, айтор мага Маданият министрлигин, анан КТРди жетектеп бер деген. Мен Акаевге: “КТРге барсам, эфирдин жарымы элдики, жарымы бийликтики болот. Тең салмактуу кылам”, — деп айтсам, дароо чалкасынан кеткен. Ал кызматты азыр бир чоң партияда лидер болуп жүргөн саясатчы аркылуу айттырган. Мага көбүнчө шайлоонун алдында кызмат сунушташчу да. Бакиев болсо, 24-марттан кийин жер басып алуучуларды Үсөн Сыдыков баш болгон бир топ адамдар тартипке чакыра албай коюшкан. Сыдыковду барымтага алып коё жаздашса, Данияр Үсөнөвду сабап коё жаздашкан. Турсунбек Акунду кууп салышкан. Ошондо алар мага кайрылышып: “Сенин тажрыйбаң бар, тартипке салып берсең сага чоң кызмат беребиз”, — дешти. “Кызмат үчүн эмес, тынччылыкты сактоо үчүн”, — деп жер басып алуучуларды чынында эле мен тынчыткам, ынтымакка, тынччылыкка чакырып. Анткени, мен эң башында “Ашар” уюмун уюштуруп, жер маселесинде бышкан, маселени чечкен адаммын. Ошондо Бакиевдер мага карыздар сыяктуу болуп калышты да. Көп кызматтарды сунушташты. Биринчи эле Ысык-Көлдүн вице-губернаторлугун сунуш кылышты. Аны ошол кездеги губернатор угуп калып, түнү менен жетип келип, Бакиевдин кабинетинен кетпей, ыйлап жатып, кызматын араң сактап калыптыр. Жакшы эле киши, мен сыйлаган адам. Азыр бир жерде элчи болуп жүрөт. Андан кийин Бишкекке вице-мэрликти сунушташты. Макул болдум, бирок ишенген эмесмин. Андагы мэр Арстанбек Ногоев да Бакиевге чуркап келип, абдан өтүнүптүр. Аягында Бакиев күлүп: “Жекшеевден эмне мынча коркушат, ал барса эле, ордун тартып алмак беле?”, -деген деп, өзүнө аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган адам кийин мага айтып бербедиби. Ал ал болду, андан соң, Японияга элчи болууну сунуштады. Бирок, ал кызматты да мага кыйбай койду, кыязы ортодо чоң акча ойноп кетти окшойт. Анан Балыкчыга мэр, Түпкө, Кеминге аким болду дешти, бул үч кызматтардан тең баш тарттым. Аягында ЮНЕСКО эл аралык уюмга алып барышты, айлыгы аз болгону менен жакшы кызмат экен, 3 жарым жыл иштедим. Акырында “Ак Жолго” кирип, депутат бол дегенде, мен баш тартып койдум. Ошондон кийин ал уюмду жоюп жиберип, дүйнө жүзүнө шерменде болушуп, кайра бир-эки жылдан кийин калыбына келтиришпедиби.
— Бийликтегилер менен аралашып, саясаттын кайнаган жеринде жүрдүңүз, пара сунуштагандар болсо керек? Андай учурларда пендечилик кылып алгандырсыз, бул боюнча ачык айта аласызбы?
— Азыр бул маселе тууралуу ачык айта берсем болот. Дароо айтайын, мен пара алып, пара жеп көргөн адам эмесмин. Мага өмүрүмдө эки жолу чоң пара сунушташты. Экөө тең Акаевдин бийлигинин тушунда болгон окуя. Биринчиси — Кумтөр. Көлгө цианид төгүлгөндө бул маселе боюнча катуу аракет көрүп, ал кездеги депутат катары чечкиндүү кадамдарга баргам. Бул иштин майда-чүйдө чоо-жайын толук айтсак, көп сөз. Кыскасы, күнөөлүү тарапты катуу сындап турдум. Ток этерин айтканда, акыры мага, Жогорку Кеңештеги менин кабинетиме экөө абдан чоң кейс көтөрүп келишти. Алардын андай кадамдарга барышарын сезип тургам. Ал кезде мага жардамчы болуп жүргөн адам азыр бир ЖОЖдо сабак берип жүрөт. Ага мен: “Сен менин жанымдан чыкпа, эгер чыга турган болсоң, жумуштан бир жолу кет”, — дедим. Алар мага, “жекеме-жеке сүйлөшөлү” дешти. Мен болбой койдум, жардамчымды жанымдан чыгарган жокмун. Акыры айласы кетти окшойт, кылчактап жардамчымды карап жатышып, менин столумдун үстүнө чоң кейсти коюп: “Сизди билебиз, абдан жупуну жашайсыз, балдарыңыз чоңоюп калыптыр, келечекти ойлош керек, ушуну алып коюңуз, эч качан өкүнбөйсүз. Биз Кыргызстанда баары менен тил табыштык, сиз менен эле сүйлөшө элекпиз”, -дешти. Мен бул сөздөрдү угуп: “Чыгып кеткиле”, — деп кыйкырдым.
— Экинчи пара сунуштаган адам ким болгон?
— Акаевдин тушунда оппозиция лидерлеринин баары менин депутаттыкка болгон талапкерлигимди Кеминден койдурушкан. Айдар Акаев дагы талапкер болуп чыкты. Үгүт учурунда карапайым элдин көбү мен жакка ооп калды. Айдарга мен: “Чогуу жүрөлү, эл менен чогуу жолугалы, сен атаңды макта, мени макта”,- десем, такыр болбой койду. Анан мага мамлекеттик машине каршы иштеди. Акырында айласы кеткенде Айдар Акаев мага арачы кылып, Кыргызстандагы эң белгилүү эки адамды (бирөө бизнесмен, бирөө саясатчы, мурун демократтардан болуп жүргөндөрдөн да, азыр да жүрүшөт) ортого салды. Алар мага келип: “Айдар талапкерлигиңизди алып салсын деп жатат. Канча акча айтсаң, ошончо бергени жатат, бери болгондо эле бир чоң заводду сатып ала тургандай акча берет”, -деди. Ошондо мен экөөнө нааразы болуп: “Арам акчасын тыгып турган жерине тыгып алсын. Мен анын бир чемодан акчасын алып Кыргызстанда кантип жашайм? Эл деген баарын билет. Баары бир Айдар жеңет, мени өткөрбөйт, бирок акырына чейин турам” деген сыяктуу жаман сөздөрдү айтып, жолго салдым. Мына ушундай кир, ыплас окуялардан алыс болуп, таза жашаганга аракет кылсаң, эл алдында жүзүң жарык болот, жан дүйнөң да таза жана бай болот. Эки чемодан акчаны алып, арам акча менен жашаганча, минтип таза, ээн — эркин, жүзүң жарык жашаган жүз эсе артык эмеспи.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев