Бишкектеги Тез жардам кызматкерлеринин маянасы июль айында 40 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Министр белгилегендей, учурда аталган санкциянын кызматкерлеринин айлыгынын көлөмү 5 миң сомду түзөт. Анын айтымында, айлыктын төмөндүгүнөн улам кызматкерлер жумуштан кетишүүдө. Буга байланыштуу жетишсиздик 89 орунду түзөт.
Дефицитти жоюу максатында быйылтан тартып өлкөдөгү бардык медициналык окуу жайларында клиникалык ординатор жана Тез жардам кызматынын дарыгерлерин даярдоого орун бөлүнөт.
Учурдагы бош орундар алардын эсебинен толукталат.








