Домой Аналитика Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

14

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда депутаттык мандат үчүн бош калган орунду Бакиров Мамасадык Сабировичке өткөрүп берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бакиров “Бир Бол” фракциясынан депутат болууда. Буга чейин депутат Жаныбек Бакчиев мандатын өз каалоосу менен тапшырган.

БШК Бакировго депутаттык күбөлүк жана мандат ыйгарды.