БУУнун Өнүктүрүү программасы өкүлү, Луиза Чемберлен айым, мен сизге жөнөкөй жаран катары Жогорку Кеңешке жардам бербөөңүздү өтүнөм.
Жогорку Кеңеш акыркы жылдары демократияга балта чаап, коомду артка тарта турган демилгелер менен алек. Сөз эркиндигин чектөө боюнча мыйзамды бир нече ирет кабыл алууга аракеттенип, жарандык коом улам митингге чыгып сактап калды.
ЖК депутаттары, эбактан бери эл өкүлү эмес, президенттин, ак үй, көк үй же жеке бизнестеринин өкүлү болуп калышкан. Бийликтин тең салмактуулугун, адилеттикти жокко чыгарышты. Жарандардын укугуна караганда ууру кландардын укугун жакшы сакташат. Коррупционерлерди жан талашып коргогондор, аларды колдоп митингге чыккандар дагы эле депутат. Азыркы курам парламентаризмди жокко чыгарып, авторитаризмди бекемдеп берди. Парламентти, демократиялык институттун ордуна, нотариалдык конторага айландырды. Президенттин өзүмбилемдик башкаруусун ар дайым колдоп, унчукпай кнопка басып, ар бир мыйзамсыздыкты мыйзамдаштырып беришти. Өлкөдөгү бийликтин менчиктешүүсүнө, коррупциянын мыйзамдашуусуна, кошоматчылыктын маданиятка айлануусуна зор салым кошту. Жарандык коом, массалык маалымат каражаттарына, адам укугуна болгон чабуулга, эркиндикти чектөөгө, дискриминацияга “лам” деп ооз ачууга жараган жок. Эл аралык уюмдар менен кызматташууну донордон каражат алуу катары көрүшөт. Баалулуктары менен чатагы жок. Ошентип өзүлөрүн акылдуу сезишет. Булар өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарынан баш тартты. Көзөмөл функциясын кыянаттыкка алмаштырды. Элдин ичиндеги депутаттардын репутациясын карап, тийиштүү баа берсе болот. Элдин ишениминен чыгышкан.
Албетте баары бирдей эмес. Курамында чындыгында эл өкүлдөрү бар. Бирок алар аз санда. Сиз берген нерсе кайра эле элге каршы колдонулат.
Ошондон улам ЖКга жардам бербесеңиз, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошосуз деп ишенем. Андан көрө ошол каражат билим берүү же саламаттыкты сактоо тармагына жумшалса миң эсе көп пайда алып келет.
Коомдук ишмер Руслан Акматбек