Домой Коом Баткенде 10 млн сомго фитосанитардык көзөмөл боюнча лабораториянын курулушу башталды

Баткенде 10 млн сомго фитосанитардык көзөмөл боюнча лабораториянын курулушу башталды

118

21-ноябрда Баткен шаарында фитосанитардык көзөмөл боюнча лабораториянын имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда облус жетекчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, имаратка капсула салуу аземине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев катышты. Имараттын жалпы сметалык баасы 10 млн 650 миң сом. Курулушту 2021-жылдын апрель айында бүткөрүү пландалган. Анда лабораториялык бөлмөлөр, окуу класстары, иш бөлмөлөрү жана башка тийиштүү болгон бардык шарттар каралган.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде мүчө болуусу менен санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды жөнгө салууга өзгөчө маани бериле баштаганы маалым. Бул аракеттер өсүмдүктөрдүн карантиндик чараларын коргоого шарт түзүүдө. Лабораториянын курулушу аймактагы кооптуу, зыяндуу, продукциялардын таркалышын алдын алууда коопсуз жана натыйжалуу ыкмаларын колдонуу менен иш алып барууга өбөлгө болот. Бул аракет биринчи кезекте айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана ишкерлердин ишин илгерилетүү максатын көздөйт. Анткени буга чейин Баткенде лабораториянын жоктугунан экспорттоочу продукциянын сапатына күмөн жаралган учурда Ош шаарындагы лабораториядан текшерүүгө мажбур болушкан.

булак: turmush.kg