Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунун 24 жаштагы тургунун кармап кетишкен. Аны өлкөгө кайтаруу боюнча эки ирет сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашат.
Мекемеден билдиришкендей, 21-октябрда А.Хайдаров аттуу Кыргыз жаранын коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери кармап кетишкен.
«Алдын ала маалыматка ылайык, Хайдаров Тажикстандын Пахтакор аймагынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деп кармалган. Аталган аймакта анын атасы жашайт. Кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу боюнча эки өлкөнүн облустук деңгээлдеги башчыларынын сүйлөшүүсү болду. Бул маселе УКМКнын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Учурда Хайдаровду мекенге кайтаруу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө», — дешет мекемеден.