Баткенде контрабандалык жол менен 3 тоннадан ашык лимон жана анарды ташып кирүү фактылары аныкталды.
Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Баткен шаарында КР жараны «Г.Н.И.» башкаруусунда «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.
Бажылык текшерүү жүргүзүүдө унаанын жүк бөлүгүнөн салмагы 6,5 кг болгон 214 кутудан жаңы лимондор табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 1391 кг. түзгөн. Жүк бажылык тариздөөнү өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.
КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 139 миң 100 сомду түздү.
Ушул сыяктуу эле бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок товарларды кармоо фактысы «Баткен» бажысынын КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан КР жараны «М.С.А.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда аныкталган.
Автотранспорттун жүк бөлүгүн текшерүү учурунда 59 куту жаңы анарлар жана 10 куту өлчөмүндө жаңы лимондор табылган, кармалган жүктүн жалпы салмагы 1715 кг. түзгөн.
2 факты боюнча топтолгон материалдар КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.