Домой Азил Азил-чындык аралаш: Ала жиптен “айланып” өткөн Асылбек Өзүбеков жана башкалар

Азил-чындык аралаш: Ала жиптен “айланып” өткөн Асылбек Өзүбеков жана башкалар

384

Жолдошбаевдин ой жоруусу

Бир ирет депутат Камчыбек Жолдошбаев өзүн күзгүдөн көрүп чоң канааттануу менен ойлоп турду: “Мени катарына каадалантып кошуп алган бул партияга сооп гана болуптур… Буларга так ушул мендей эле кебетеси келишкен, наркы-беркини элес албаган “зөөкүр чалыш”, омбу-домбу, керек болсо келтирип туруп толгоосу келген келиндерди да, жулунуп туруп журт сыйлаган журналисттерди да ичке тепкен, айткан сөзүн танып кеткен, көргөн көзүн “таңып” койгон неме керек болчу”.

 

Жапаров менен Бабановдон жаңы мыйзам

Жогорку Кеңештин шаршемби күнү өтүп жаткан пленардык жыйынында Акылбек Жапаров менен Өмүрбек Бабанов шыбырашып сүйлөшүп отурушат дейт:
— Өмүке, мисалы, сенде жок эле дегенде 100 млн. долларың бар да, туурабы?
Бабанов анда башын тырмап:
— Бар, а эмне болуптур, андай акча менде эле эмес, сизде да бар.
— Ооба. Негизи, андай акча баарында болбосо да көбүнчө депутаттарда бар эмеспи.
— Муну менен эмне айткыңыз келип жатат?
— 100 млн. доллары бар эл өкүлдөрүнө кол тийгизүүгө, кандай кылмыш кылса да, жоопкерчиликке тартууга болбойт деген мыйзам кабыл алып койбойлубу. Бул мыйзам сөзсүз колдоо табат? Анткени, биз 100 миллиондук депутаттар көппүз да.
— Ырас эле эй, туура айтасыз!
Бир аздан соң, Өмүрбек Токтогулович:
-Акылбек Үсөнбекович, бул мыйзамга коомчулук, эл каршы чыкса эмне кылабыз?
-Эмне кылмак элек, каршы чыккандардын баарын сатып алабыз. Шайлоодо деле “оптом” сатып албадыкпы…
-Мунуңуз, “катта” акыл экен, бекеринен атыңызды Акылбек койбоптур да…

 

Искак Пирматов баласына акыл үйрөтүп…

Депутат Искак Пирматов баласына акыл үйрөтүп жатат:
-Балам, кийин мени тартып нефти тармагында деректир, депутат болуп калсаң, бул сөздөрүмдү эсиңе бек түй. Эгерде чоң тебетей, чоң чокойлор, кошоматчылар, акылы кем аңкоолор сенин артыңдан самсаалап ээрчип жүрсө эң сонун… Анда эле эч нерседен коркпой убаданы ашыра бере бер!
Баласы атасына суроо узатат:
-Ата, эгерде чоң погончон, кекиртеги кернейдей чоң папкечендер артыман издеп калышса эмне кылам?
-Эмне кылмак элең, колуңда бар байлыгыңды чач, асылгандарды акча менен чап да, башка бир партияга секирип, акчанын күчү менен экинчи жолу депутаттыкка өтүп кетип, бетиңди тултуйтуп жүрө бер. Сени эл көтөрбөсө да, баары бир жер көтөрөт, эл сыйлабаса да эргулдар сыйлайт, Кудай сыйлабаса дагы кулдар сыйлайт, – дептир опуттуу Пирматов.

 

Аялдар акмак менен эркектин айырмасын билишпейт

Экс — депутаттар Жылдыз Жолдошева менен Надира Нарматовалар эзилише сүйлөшүп жатышат.
-Бу аялдар кызык эле калк болобуз ээ. Эң кеми дегенде 183 помаданын түрүн тааныйбыз, билебиз да, анан көп учурда нормальный эркек менен акмагынын айырмасын билбей калабыз.
-Мен да сиз айтканды кээде ойлоп, баштан өткөндү эстеп, эрдим тиштеп өкүнүп калам…

 

Камчиевдин каалоосу

Куудул Жамбыл Камчиев маршруткада баратса бир аял баласын эмизейин десе баласы эмбей жаткан болот. Анан тиги аял, »Балам, бол батыраак эм, болбосо тиги сакалчан акеңе берип коём”- дейт. Баласы бир аз эмип эле чыгарып салат. Аял кайрадан: »Бол эм батыраак, тиги акеңе берип коём болбосо» — дейт. Акыры Жамбыл мырза чыдабай кетип: »Өөй, батыраак бир чечимге келгилечи, а то түшө турган жеримден үч аялдама өтүп кеттим», – дептир…
Туйгуналыдан туура сөз

БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов чыныгы турмушта кездешчү “керемет көрүнүштү” келтире жазып жатат дейт:”Эгерде эркин, таза шайлоо өткөрсөк бийликке уурулар менен жегичтер келет экен, эгерде таза өткөрбөсөк, бийликте уурулар менен жегичтер кала берет. Башка жолго багытыбыз бурулбай жаткансыйт да…”

 

Алтынбек Сулаймановдун аныктамасы

Депутат Алтынбек Сулаймановдун турмуштук байкоолорунан:
-Эгерде аял башын оң жагына кыйшайтып басса, анда ойношу бар…
Эгерде аял башын сол жагына кыйшайтып басса, анда ойношу бар…
Дегеле, аялдын башы бар болсо, анда сөзсүз ойношу бар…

 

Асылбек Өзүбеков

Ала жиптен “айланып” өткөн Асылбек Өзүбеков

Асылбек Өзүбеков жубайы менен аркы дүйнө, берки дүйнө тууралуу сүйлөшүп жатат дейт. Бир кезде Асылбектин аялы:
-Асылбек, ушунча жыл бирге жашадык. Эмне бар, эмне жок дегендей, сага оюмда жүргөн бир нерсени айткым келет. Сен мага ыраазы болсоң болду. Бирок мен сенден бир нерсени билгим келет. Өмүрүңдө мага кыянаттык кылып көзүмө чөп салып, ала жипти аттадың беле?
-Ээ, кайдагы? Эч эле ойго келбегенди айтасың да жаным. Ала жипти аттамак турсун, андай жипти көргөн жерде айланып өтчү элем.
-Мейли, ошондой болсо да бир өтүнүчүмдү айтып коёюн. Мен кийин кокус сенден мурун өтүп кетсем, мага бир жолу кыянат кылсаң мүрзөмдү бир жолу, эки жолу кыянат кылсаң эки жолу айланып койчу.
-Эмнеге?
-Калп же, чын айтканыңды рухум сезсин да…
Чочуп кеткен Асылбек:
-Ээ, катын жок жомокту айтпачы. Эмне, мени дал ошол мүрзөдөн башы айланып жыгылып өлсүн деп атасыңбы?- деп коёт дейт.