Домой Экономика ЖЭБ көмүрдү казакстандык «Hampton Resources Limited» компаниясынан алат

ЖЭБ көмүрдү казакстандык «Hampton Resources Limited» компаниясынан алат

210

Президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 20-октябрда, «Электр станциялары» ААК менен казакстандык «Hampton Resources Limited» компаниясынын ортосунда келишим түзүү боюнча Министрлер кабинетинин буйругу боюнча түшүндүрмөнү жарыялады.

«Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстандын Караганда облусунда иш сапары менен болуп, ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышышкан.

Андан соң борбордук ЖЭБде «КО» маркасындагы 7 миң тонна көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсү болуп, анын жыйынтыгы боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту аталган көмүр концентратын күйгүзүүнүн натыйжалуулугу боюнча тийиштүү корутунду берген.

«КО» маркасындагы көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсүнүн жыйынтыгы дагы анын экологиялык кырдаалга оң таасир тийгизгенин көрсөттү.

Муну менен төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр пайда болот:

— электроэнергиясын иштеп чыгууну жылына 1,2 млрд кВт/с 6,0 млрд кВт/с чейин көбөйтүү;

— электроэнергиянын өздүк наркын кВт/саатына 3,93 сомдон 1,75 сомго чейин жана жылуулукка 1 Гкал/с жылуулук үчүн 900-945 сомго чейин төмөндөтүү;

— Бишкек ЖЭБиндеги 4,5 млрд сом өлчөмүндөгү жылдык чыгымдарды жокко чыгаруу жаан жылына 1,1 млрд сомдон кем эмес киреше алуусун камсыздоо. Мындан сырткары, станцияны өзүн өзү актоого жана өзүн өзү каржылоого чыгарууга мүмкүн болот;

— Бишкек шаарынын ЖЭБинин агрегаттарын жогорку натыйжалуу жабдууларга жаңыртууга инвесторлорду тартуу;

— ыш (смог) көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт, бул экологияга оң таасир этет.

Экономикалык натыйжа тууралуу мисал катары, долбоордук эмес көмүрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырма анализден, отунду даярдоо тилкелеринде билдердин (көмүрдүн майда элементи) аз чыгымдалышынан, тегирмен, керней жана күлшлакты тазалоонун эсебинен үнөмдөө камсыздалат. Муну менен каражаттын көп эсе үнөмдөлөт», — деп айтылат билдирүүдө.