Домой Маек Нарынбек Молдобаев: Мен шаардагы лампалардын баарын алмаштырып берүүгө даярмын

Нарынбек Молдобаев: Мен шаардагы лампалардын баарын алмаштырып берүүгө даярмын

112

Нарынбек Молдобаев— Нарынбек мырза, үч күндөн кийин Бишкек мэри шайланганы турат. Белгилүү болгондой, бир эле талапкер – КСДПдан Албек Ибраимов талапкер болуп катталды. Бул адам тууралуу эмнелерди айта аласыз? Мэриянын ишин илгерилетип кете алабы?

— Чынын айтайын, сен айткан адамдын ишмердүүлүгүн, өзүн, анан калса ишке болгон жөндөмдүүлүгүн да билбейм. “Дастан ” заводунда иштеген экен, ал завод жабык түрдө иштейт да. Кандай иштеп жатканын да билбейсиң. “Манас” аэропортун да жетектеди. Ал да жабык иштеген мекеме.

Мурун мэрди шаардын жалпы эли шайлачу. Кийин шаардык кеңеш шайлап калды. Эмне үчүн альтернативасыз, жалгыз талапкер алып чыгарышканы көпчүлүккө түшүнүксүз болуп турат, балким бул саясат эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого карата жүргүзүлүп жаткандыр.

— Сиз көп ишке талдоо кылып, терең ой жүгүрткөн адамсыз. Ушундан улам мэрди шайлоо алдында буга чейин иштеп кеткен мэрлердин элдин эсинде калган иштерин учкай айтып берсеңиз?

— Бишкек шаарынын тургуну болуп жашап жатканыма 50 жылга жакындап калды. Борбор шаарыбыздын союз кезиндеги, андан кийинки эгемендүүлүк алган жылдан кийинки ахыбалын да жакшы билем. Экс-мэрлердин ишмердүүлүгүн сурап жатасың. Буга өзүм аздыр-көптүр аралашып, ар кандай маселелер боюнча иштешип калган мэрлердин негизги ишмердүүлүгүн айтайын. 1995-жылдары Феликс Кулов иштеди. Анын учурунда шаарда бир да көчө жасалган жок, ал тургай жолдогу тешиктер да жамалган жок. Мен аны иштебей койду деп айта албайм, анткени ал учурда бюджет абдан тартыш болчу. Маселен, пенсия-пособиялар ун, консерва, шекер ж.б. азыктар менен берилип калган болчу. Кулов Ала-Тоо аянтын бир аз оңдоду, ал жерге мамлекеттик желек кайтарып, Улуттук гвардиянын жоокерлери туруп калды. Мына ушунусу элдин эсинде калды. Андан кийин Борис Силаев келип, колунан келишинче иштеп жаткансыды. Анын учурунда шаар ичине 35 жаңы май куюучу жайлар курулду. Андан тышкары, автобустар турган аянтчалар түзөлүп, бир аз оңдолуп калды.

— Ал 35тин ичинде мыйзамсыз курулгандары да бар эмеспи?

— Нормалары канчалык деңгээлде сакталды, аны жакшылап иликтесе болот. Бирок, май куюучу жайлар боюнча кандайдыр бир мыйзам бузуп же акча алганын укпадым. Эл жеди, ичти деп айтышат. Ошентсе да анын жанындагы адамдар: “Акча албай эле жасап жатат” — деп айтышчу. Мисалы, “Датка” деген мурунку май куюучу жайлар түйүнүнүн ээси Патрахин Александр да мага бул маселе боюнча ачык эле айтып берчү. Эгер ал кишиден Силаев акча алса, ал мага сырын жашырбай айтмак. Силаевден кийин Керимкулов иштеди. Ал киши мэрлердин ичинен биринчилерден болуп жол оңдоого киришип, Токтогул, Манас көчөлөрү оңдолду. Бирок, бул киши мэр болуп турганда шаарда бир да бош жер тилкеси калган жок. Ошол эле “Ата -Түрк” гүлбагынын ичиндеги жерлер, азыркы Түштүк Магистраль көчөсүнүн жогору жагы, кийин тоого илинген чоң желекке чейинки жер тилкелери сатылып кеткени чындык. Ал киши өз көлөкөсүнөн коркуп, чарбакер катары таза эле иштегенге аракет кылганы менен, көбүнчө жогору жактын көрсөтмөсүн аткарып тургансыды. Андан кийин Салымбеков мэр болуп келди. Ал башкалардай узак эмес, кыска убакыт гана иштеди. Аскар абдан жакшы реформаларды жүргүзөм деп катуу киришкен. Бирок, ал келгенде 35 миң киши жер басып алуу аракетин көрүп, иштегенге мүмкүнчүлүк беришпеди. Ошолор менен түнкү саат 11ге чейин жакалашып жүрүп, көп убактысын коротту. Андан тышкары, Максим Бакиевдер белгилүү бир мөөнөттө баланча, түкүнчө акча берип турасың деп түз көрсөтмө берип туруп алышканда, ал ишти аткаруудан баш тартып, кайра депутаттыгына кетти. Анан Ногоев келди. Ал 5 жылдай вице-мэр болуп жүрүп, мэриянын ишин да жакшы билет экен. Эртеден-кечке шаардын акыр-чикирин тазалоо маселесине абдан көңүл буруп, улам жыйын куруп, ага көп убактысын сарптады. Ошондой эле, анын учурунда Түштүк Магистраль, Бөкөнбаев (оорукананын ортосунан өткөн жолду ачып) жана Панфилов көчөсүн Лев-Толстой көчөсүнө кошуу долбоору да жасалганын билем. Ногоевден кийин Данияр Үсөнов келип, ал ишти шаардын бюджетин көбөйтөм деп бизнесмендерге кыргыйдай тийүү аракети менен баштады. “Мурда 49 жылга берилип кеткен ижарадагы жерлерди бүгүнкү баа менен сатып алгыла, болбосо ижараны 14 пайызга көтөрөм” деген шарт коюп, бир топ өзүм билемдиктерге барды. Нариман деле анчалык жаман иштеген жок. Ал Түштүк Магистраль, Бөкөнбаев, Панфилов сыяктуу көчөлөрдү жасады. Аны Ак үйдөгүлөр да көтөрө чалышып, “кризис менеджер” деп атап калышканда, ал сөз элге да жага түштү окшойт. Жакшы көргөндөр да көбөйдү.

— Сиз экс-мэрлердин жакшы иштерине эле басым жасап жаткандайсыз…

— Албетте, бул мэрлердин да бир топ кемчиликтери бар. Анын баарына толук токтолгон жокмун. Эл да билет, алардын туура эмес иштерин. Аны айтса көп сөз.

Иса Өмүркулов дагы бир топ жакшы иштерди жасады. Көп көчөлөр жасалды. Эң башкысы, буга чейин эч ким жасай албай койгон Ош базарды, ага жакын көчөлөрдү да иретке келтирип, оңдоп койду. Мына, ал кетти эле азыр ал базар кайра таз кейпин кийип калды.

Мен билгенден мэр болуп келген кишиге учурашып барган адамдардын баары эле акыл үйрөтө беришет. Ошол акыл үйрөткүчтөрдүн көбүнүн үйүнүн алды шыпырылбай турганын жакшы билем.

— Мисалы, сиз мэр болуп калсаңыз ишти эмнеден баштап, көзгө көрүнөрлүк кандай иштерди жасайт, элеңиз?

— Биринчиден, мэр болоюн деген деле оюм жок. Жашым да өйдөлөп калды дегендей. Ошентсе да ойлорумду ортого салайын.

Белгилүү болгондой, шаарда чечилбей жаткан көп көйгөйлөр бар. Ал көйгөйлөрдү акча жок, каражат тартыш деп олтура бербей, иш билгилик, кыраакылык менен азайтса, жөнгө салса да болот. Мисалы, жайкысын шаардагы бак-дарактарыбыз күзгө жетпей эле саргайып баштайт, бул көзгө өтө комсоо көрүнөт. Эмне, шаарда суу жокпу? Суу кенен. Болгону ирригациялык каналдардын көбү иштен чыгып калган. Көп жердеги арыктарда суу ашып-ташып агып, ал суу жолду талкалап жатат. Шаардагы ирригациялык системаны калыбына келтирүүгө 66 млн. сом керек экен. Мынча акчаны мэрия таба албайт. Дагы бир жагымсыз көрүнүш — шаарыбыздын тегереги топурактан жасалган кур менен курчалып, тосулгандай сезилет. Жаңы конуштардын ичинде көйгөйлөр толтура. Бишкек эми узунуна же туурасына өсө албайт. Ал тараптарга өсүүгө жол жок. Эми шаарыбыздын өсө турган багыты — бул бийиктик. Асман тиреген кабат үйлөр салынып, жогору жакка гана өсүшү зарыл. Шаардын өсүшүнө мыкты өбөлгө түзө турган архитектуралык Башкы планы өтө дыкаттык менен иштелип чыгышы зарыл. Шаардын келечек планы менен да өтө олуттуу иштөө зарыл.

— Тазалык, акыр-чикир маселесин кантип жакшыртса болот?

— Тазалык, акыр-чикир маселесинде көп кемчиликтер кетип жатат. Аны жоюу үчүн көчө шыпыргычтардын ишин жакшыртуу зарыл. Азыр 100дөгөн көчө шыпыргычтар көчөлөрдү шыпырышканда ары-бери шилтемиш этишет да, басып кетишет. Ишти чала жасашат. Шаар ичин таза кармоо үчүн элди тазалыкка үндөө ишин колго алуу зарыл. Мисалы, ЖОЖдордун, ар кандай мекемелердин, ишканалардын, дүкөндөрдүн, дарыканалардын, кафелердин ж.б. ээлерине өзү жайгашкан жердин арыгын тазалатып, алдыларына, тегерек-четине 5-10 кв. метр брусчатка төшөтүп, анан ар бир 5 метр сайын акыр-чикир салган челектерди коюуну милдеттендирсе болот. Мындай маселени эл менен ачык сүйлөшүп, терең түшүндүрүү керек. Албетте, бул маселени ишке ашырууда мэрия колунан келген иштин баарына көмөктөшөт. Сөзгө келбегендерге өзгөчө шарттар менен чара көрсө да болот. Мисалы, суу, электр энергиясын бербей койсо, акыры жасайт да. Бул маселени акимдерге көзөмөлгө берип, тапшырманы аткара алышпаса, кызматтан кетирүү керек. Дагы бир мисал. Гүлдөрдү сугарганда машинелер менен сугарышып, сууну басым менен аттырышат да, гүлдөрдү кайра сындырып салышат. Анан кайдан шаарыбыз жайкысын көрктүү болсун?

Дагы бир көйгөй — бул шаар ичиндеги көчө чырактары. Түнкүсүн эптеп үлбүл жарык берет, таң атканда аларды өчүрүп койгон киши жок. Бизде бир мамыдан экинчи мамыга 15-20 кабель салаңдап тартылып турат. Норма боюнча анын баары жердин алды менен кетиш керек эле.

Мындан башка да, бүгүнкү күндө шаар ичине машинелер такыр эле батпай калды. Туңгучтан баштап, Кудайбергенге чейин ар бир көчөдө, ар бир соода түйүн, базарларда машине коө турган атайы жайлар жок.

 

“Бишкекти 100 күндүн ичинде момпосуй кылып койсо болот”

— Сиз ушул эки маселени кантип чечет элеңиз? Сунуштарыңыз барбы?

— Чечсе болот, менде конкреттүү сунуштарым бар. Башка өлкөлөрдө мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн машинелерди жердин астына батырып жатышат. Жөн гана тиешелүү жерлерге жер алдыларына машине токтотуучу атайы жайларды, заманбап түрдө куруп чыгуу керек. Мисалы, мени азыр мэрия жер астына машине токтото турган жай куруп бер деп сунуш кылса, өз акчама бери дегенде 15-20ны куруп бермекмин. Мисалы, “Мадина”, Айчүрөк”, “Дордой-Плаза”, “Караван” сыяктуу соода түйүндөрүнө курса болот.

Бишкек, тыгын

— Бул ишти жасай берсеңиз болот да. Мэрияга сунуш кылсаңыз, балким колдоого алышат?

— Азырынча сунуш кыла элекмин. Мисалы, “Мадина” базарындагы жерди мэр мага чечип берсе, жердин алдына 4 кабат машине токтото турган жай курмакмын. Ал үчүн мага жер маселесин чечип беришсе болгону. Бул ишти мен өз каражатыма жасайм. Мисалы, бир машинеге (кирип-чыкканын эске алганда) 5 кв. метр жер кетет. Ошондо 500 машине бата турган жайга 2,5 миң кв. метр жер керек. Ишти талапка ылайык жасоо үчүн жок дегенде миллион доллар сарпталат.

— Ал жерден түшкөн акча сиздин кетирген чыгымыңызды жабыш керек да?

— Ооба. Машинесин койгон киши ашып кетсе 50 сомдон төлөйт. 500 машиненин 10 күндө чогулган акчасы 250 миң сом. Бир айда 750 миң сом. Бир жылда 7-8 млн. сом. Ал эми миллион долларга жеткириш үчүн 5 жыл керек. Мындан тышкары, экинчи бир көйгөйдү чечүү үчүн дагы бир долбоорум бар. Ал — шаар ичин жарыктандыруу маселеси. Менин сунушума өкмөт, мэрия макул болсо, шаар көчөлөрүндөгү мамыларда канча электр лампа болсо, ошонун баарын алып салып, анын ордуна жаңы, үнөмдүү, азыркы эски лампадан алда канча жарык, туманга да каршы жарык бере турган кичинекей “вакуумный” лампочкаларды коймокмун. Ал машиненин фарасындай жарык берет. Андай лампочкалар коюлса, шаарыбыз түнкүсүн укмуш эле жаркырап калмак. Азыркы жарыгы аз лампочка менен аны салыштырууга эч болбойт. Бул ишти өкмөттөн, мэриядан акча сурабай бекер жасап бере алам.

— Чыгымды жабыш үчүн бир нерсе сурайсыз да?

— Туура. Чыгым жабылышы керек. Бирок, ага мэрия кайдан акча табам деп баш оорутпайт. Себеби, буга ошол түнкү жарык үчүн төлөнүп келген каражаттын 20 пайызын мага чыгым үчүн берип турушсун. “Вакуумный” лампочка абдан үнөмдүү, мэрия түнкү жарык үчүн төлөп келген акчадан алда канча аз төлөп калат. Андан тышкары, бир канча миллиондогон акчалар мэриянын өз пайдасында кала берет. Мисалы, бир жылда “Түндүкэлектрого” 200 млн. сом төлөшсө, ошол үнөмдөлүп калган акчанын 20 эле пайызын мага берсин. Болду, жетет. Чыгымын эсептөө боюнча мен алгач шаардан толук маалыматты алышым керек, анан эсептесек болот.

— Түшүнүктүү. Мэрия сөзсүз колдоого ала турган сунуштар экен. Себеби, ушул эки көйгөй сиз айткандай чечилип калса, эл да ыраазы болмок. Бирок, Нарынбек Молдобаев мынчалык ири долбоорлорду иш жүзүнө ашырууга чоң акчаларды кайдан табат деген суроо туулбай койбойт экен?

— Эң туура суроо. Болбосо, ар ким өз түшүнүгүнө жараша жоруп, ар кандай нерсени ойлосо керек. Мен мамлекеттик кызматтарда иштеп, байыган адам эмесмин. Башка иштер менен бирге элге окшоп ишкерлик кылгам. Болгону Жогорку Кеңеште 5 жыл депутат болдум. Депутат болуп турган кезде, ишкерлик менен алектенгенге тыюу салынат. Азыр болсо бош адаммын. Ал эми бул эки маселени чечүү үчүн каражатты кааласа тапса болот. Буга бир гана чоң каалоо жана эмгек керек. Эгер мэрия, өкмөт мага ишенип, айтылган сунуштарды ишке ашырууга уруксат беришсе, анда мен ишти эртең эле баштоого даярмын. Анткени, долбоорум даяр турат. Мен бул боюнча мэрияга кат жолдоп же болбосо ачык сүйлөшүүгө барышым керек.

— Жакшы. Соңку суроо болсун. Мэр болуп келген адам канча убакытта мэриянын ишин оңдосо болот?

— Мэр болуп келгендер иштин чоо-жайын 100 күн изилдейбиз, анан ишти баштайбыз деп жатышпайбы. Менимче, тырнактай шаарыбызды керек болсо 100 күндүн ичинде “момпосуй” кылып койсо болот, чындап билек түрүнүп иштейм деген кишиге. Мэр болгон адам күнүгө эртең менен 5тен же 6дан баштап кечки саат 4кө чейин шаарды үймө-үй кыдырып иштесе, жакшы жыйынтыктар болмок. Келе турган мэрдин ушинтип иштешин каалайт элем. Башка маселелерди саат 3 же 4төн кийин түнкү саат 10-11лерге чейин чечсе болот да. Шаардагы мекемелердин жетекчилери менен ал ишканалардын көйгөйлөрүн бирден талдап чыгыш керек. Ишке жөндөмсүздөрдү жөн эле кармап жүрө бербей кетирип, ал ыкманы башкаларга үлгү кылып турса, ал да өз жемишин берет. Кыскасы, көп эле акчага, бюджетке шылтай бербей, талыкпай иштесе чоң ийгиликтер сөзсүз болот.

Баарлашкан Айбек Шамшыкеев