Домой Маек Алмамбет Шыкмаматов: Акча менен эч кимдин оозун баса алышпайт

Алмамбет Шыкмаматов: Акча менен эч кимдин оозун баса алышпайт

195

Алмамбет Шыкмаматов

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов менен маек.

— Алмамбет мырза, Жогорку Нарын каскад ГЭСтерин курууга сарпталган 37 млн. долларды текшерүүгө алган депутаттык комиссиянын төрагасысыз. Учурда бул маселе коомчулукта ар кандай айтылып, кызуу талкууга алынууда. Так маалыматтарды өз оозуңуздан уксак?

— Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияда 12 депутат бар. Жакында эле Нарынга барып, маселенин чоо-жайын өз көзүбүз менен көрүп, салынган имаратты сүрөттөргө, тасмага тартып келдик. “РусГидронун” кетирген чыгымдарын алып, каттап туруп, Эсептөө палатасына жөнөттүк. Эми Эсептөө палатасы эки айдын ичинде кетирилген чыгымдарды толук, өз эрежелери (илимий стандарттын негизинде) менен текшерип чыгып, анан жыйынтыгын бизге берет. Ал жыйынтыкты биздин комиссия коомчулукка айтабыз.

— Орусиянын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү да текшерүүгө катышат да?

— Туура, ушундай маселе козголгон. Анткени, келишимге ылайык, Орусиянын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү да биздики менен бирге текшерип, жыйынтыгына жараша түзүлгөн актыга бирдиктүү кол коөт.

— Мисалы, өтө эле кымбат болуп кеткен чыгымдарды айтсаңыз?

— Мисалдар көп эле. Алдын-ала алган божомолдор боюнча жумушчулар жатып иштей турган шаарчаны куруу маселеси өтө эле кымбат болуп кеткен. Суу келүүчү “латаотвод” дегенин такыр эле көргөн жокпуз. Биз өзүбүз мыйзамчы болгондон кийин бардык чыгымдарды ашкере божомолдой бербейли деп текшерүүнү Эсептөө палатасына бердик.

— ЖМКларга пиар материалдарга абдан көп каражат кетиргени да айтылды эле?

— Пиар маселесине кеткен чыгым башка чыгымдардын жанында анчалык шоона эшпей деле калат. Бул боюнча Нарбаев: “Пиарга 2 млн. алган. 200 миң чыгым кетириптир. Калганын кайрып берет” — деп айтты. Мен ал калган акчаны кайрып берерине ишенбейм.

— Ал жердеги коррупциянын болгону болгондой ачыкка чыгабы? Же Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз деген маселе менен бир топ мыйзам бузуулар, уурдоолор жең ичинен кыскарып, жашырылып калышы мүмкүнбү?

— Андай болбойт деген ишенимибиз бар. Буйруса, көзөмөл катуу болот. Кээ бирөөлөр бул маселени козгошуп өзү эки мамлекеттин ортосуна бүлүк салып жатышат деп айтышууда. Мындай көз караштагыларды түшүнүгү тайкы адамдар дейт элем. Бул маселеде эч кандай бүлүк салуу болбойт. Негизинен бул жерде эки мамлекеттин ортосундагы айрым бир чиновниктер тууралуу гана сөз болуп жатат. Ал аткаминерлер мамлекеттин инвестициялык аброюна доо кетирип жатышса, демек мыйзам алдында жооп бериши керек дагы, алардын жазасы башкаларга сабак болууга тийиш. Мисалы, биз тараптан да бир нече аткаминерлер аралашып жатышат да. Анан эмне үчүн алар тайраңдап жүрүшү керек?

— Комиссиядагы депутаттардын оозун басып койсо болот да? Мындай окуялар буга чейин болуп келгенин жакшы билесиз? Анын үстүнө жакшы акча сунуштаса, тил кыска болуп калышы турган иш да?

— Антип акча менен эч кимдин оозун баса алышпайт. Андай аракет кылышса, өздөрүнүн абийирлери төгүлүп калбайбы. Азыр депутаттарга өтүнүч менен ким суранып келсе, а, булардын артында ушул киши турбайбы деген шек менен билинип калбайбы.

Собол узаткан Айбек Шамшыкеев