Домой Аналитика Мамлекеттик карыз бир жылда 431 миллион долларга өстү

Мамлекеттик карыз бир жылда 431 миллион долларга өстү

34

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 431 миллион долларга өстү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө бересеси 5 миллиард 578 миллион долларга жетти.

Сумманын 4,5 миллиард доллары тышкы карыз болсо, калганы ички береселер. Ал эми 2021-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик карыз 5 миллиард  147 миллион доллар болчу. Бир жылда бересенин суммасы 431 миллион долларга өскөн.