Министрлер кабинети быйыл жыл башында эле ИДП 6,5% өсөт деген амбициялуу максат койгон. Бирок эл аралык каржы институттары мындай оптимисттик көз карашка салкын мамиле кылган. Украинада согуш жана Орусияга каршы санкциялар кыргыз экономикасын, тескерисинче, 5% төмөндөт деп күтүлгөн эле.
Мындай прогнозду Дүйнөлүк банк берген.
Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 7% жеткенин жар салды.
“Эл аралык институттар пессимисттик прогноздорду беришкенине карабастан, биз өсүш деңгээлине чыга алдык. Экономиканын өсүшү 7% түздү. 2021-2023-жылдарга карата жалпы консолидацияланган бюджетибиз 53 миллиард сомду (6 миллиард долларды) түздү. Быйыл биз бир айда орточо 24 миллион сом чогултуп жаттык, 2013-жылы бир жылда 34 миллион сом чогултчубуз. Бюджетти 2-3 эсеге көбөйтүү экономикалык керемет болгон өлкөлөрдө да чанда гана болгон. Акчаны экономиканы, салыкты, бажыны башкарууну жакшыртуудан таптык ”,— деди Акылбек Жапаров элдик курултайда эл алдында отчетун берип жатып.
Ошондо экономикалык өсүш эмненин эсебинен камсыздалып жатат?
Экономика министрлиги быйылкы он айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 688 милилард сомго жеткенин билдирди. Быйыл өнөр-жай тармагындагы өсүш — 14,9%, айыл -чарбада – 6,7%, курулуш тармагында – 5%, кызмат көрсөтүүдө 4,1% болду.
Салык кызматы 186 миллиард сомдой жыйнап, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 55,8 миллиард сомго көп экени айтылууда.
“Быйыл позитивдүү өзгөрүүлөрдүн бири салыктардын администрациялоо жүрдү. Чынын айтыш керек, өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун кабинети салык системасында жакшы реформаларды жасашты. Тактап айтканда, салык жыйноодо, кызмат көрсөтүүдө санариптик технологияларды колдонушту. Экинчи жагынан, быйыл атамекендик ишкерлерде салык төлөө жагынан мекенчилдик сезим ойгонду, мурункудай салыктан качпай калышты”, — деди экономист Кубан Чороев.
2022-жылга карата бажы тармагынан 98,5 миллиард сом киреше чогултуу максат кылынып, бирок он айдын жыйынтыгы боюнча 59,1 миллиард сом гана чогулду. Бирок жыл аягына чейин бажыдан түшкөн киреше жок дегенде 75 миллиард сомго чыгат деп күтүлүп жатат. План аткарылбаганы менен, чогулган каражаттын көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 250% көп болду.
Быйыл “Кумтөрдөн” түшкөн алтын өндүрүшүнүн кирешеси 26 миллиард 780 миллион сомду түздү.
Быйыл жыл башында президент Садыр Жапаров өлкө рыноктук экономикадан пландык экономикага өтүп жатканын жар салган, бул биринчи кезекте көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгарат деп жасалган. Бул дагы болсо быйылкы жылдагы жакшы көрсөткүчтөрдүн негизги фактору аталып жатат.
Бирок эгерде көрсөткүчтөр жакшы болсо эмнеге эл жыргап кеткен жок деген суроо туулат.
“Сандар менен алганда көрсөткүчтөр аябай эле жогору. Бирок бул жерде инфляцияны эске алыш керек. Өсүш бар, бирок инфляция да жогору болгону үчүн эл дагы деле кыйналып жатат. Бирок экономисттердин дагы бир тобу инфляция экономикадагы өсүш эсебинен болду деп да жатышат. Анткени, Улуттук банк валюта рыногунда улам интервенция жасап, сомдун наркын күчтөп жатты. Сомдун көлөмү экономикага кирери менен, албетте, инфляциянын негизги булагы болуп калат. Баалар өсүп жатты, бирок ага жараша жыйналган салык дагы өстү. Бирок, чынын айтканда, кымбатчылык шартында жеке сектордогу элдин маянасы ошончолук жогору өскөн жок. Өкмөттө, муниципалитетте көтөрүлдү, бирок элде эмес. Көбүндө жашоо сапаты начарлап, көп нерсени сатып алууга мүмкүнчүлүгү аз болуп калды”, — дейт дагы бир экономист Искендер Шаршеев.
Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө өлкөдөгү инфляция азыр 14,5% түзүүдө. Былтыркы ушул маалдагы 15,4% инфляцияны эске алып, статком Кыргызстанда инфляциянын деңгээли жайлап бара жатканын айтууда.
Дүйнө жүзүн каптаган кымбатчылык быйыл Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Азык-түлүк жана энергетикалык каатчылык коронавирус пандемиясы менен жарыша эле башталган. Украинадагы согуш аны ого бетер оорлотуп, көйгөйлөр андан бетер курчуду. Кыргызстанда өткөрүлгөн сурамжылоолор кымбатчылык — элди түйшөлткөн башкы маселе экенин аныктады. Ошентсе да IRI элдин 85% келечекке оптимизм менен карайт деген бүтүмгө келди.
Жыл башынан бери өлкөдө расмий маалыматтар боюнча азык-түлүктүн баасы кеминде он пайызга өстү. Негизинен баа кумшекер, жашылча-жемиш, унга көтөрүлүп жатат.
Маанилүү жагдай, кыргыз өкмөтү быйыл экономикадагы жыл жыйынтыгын консолидацияланган бюджет эсебинен чыгарып жатат. Бул бюджеттин киреше бөлүгүнө Социалдык фонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна түшкөн каражаттар да кирди дегенди түшүндүрөт. Айрым талдоочулар экономикадагы жыл жыйынтыгын консолидацияланган бюджет эсебинен чыгаруу менен кыргыз өкмөтү сандык көрсөткүчтөрү жасалма түрдо көтөрүп жатышы мүмкүн деп да сындап жатышат.
Эл аралык институттар келерки жылы Кыргызстандын экономикасы жакшы өсүшкө жетишет деп бир ооздон айтууда. Азия Өнүктүрүү Банкы 2023-жылы ИДП өсүшү 2,5% болот деп божомолдосо, Дүйнөлүк банк 3,2% кем болбойт деп эсептейт. Бирок бул үчүн дүйнөдөгү кырдаалдын оңолушу, ички саясий туруктуулук болушу зарыл деп белгилейт бул уюм.
Эң жакшы божомолду Эл аралык валюта фонду жасап жатат – ал Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 2023-жылы 5 % жетиши мүмкүн дейт.
булак: bbc.com/kyrgyz