Домой Коом Амнистия жыйынтыгы: 5,4 миллиард сом казынага түштү

Амнистия жыйынтыгы: 5,4 миллиард сом казынага түштү

33

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында өлкө казынасына 5,4 млрд. сом түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Анын айтымында, экономикалык амнистия өз жыйынтыгын берүүдө.

«Бүгүнкү күндө козголгон жана тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча мамлекетке акча каражат түшүүдө. Жарлыктын алкагында 5,4 млрд. сом мамлекеттин казынасына келип түштү. Ал эми кылмыш иши козголбогон, бирок коррупцияга аралашкан аткаминерлердин эч кимиси каражат төгө элек. Атайын органдар ар бир мыйзамсыз табылган мүлкүнө иликтөө жүргүзөт» дейт Зулушев.

“Азия Ньюс” гезити