Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору каралды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Гүлшат Асылбаева баяндама жасап, аталган мыйзам долбоору республикалык бюджетте тартыштык орун алган мезгилде ишкердик жүргүзгөн субъекттерге кошумча мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө максатында, ошондой эле коронавирус инфекциясы жайылган шартта түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалганын белгиледи.
«Көпчүлүк социалдык изилдөөлөр ырастагандай, камак жайларындагы бөтөнчө субмаданият адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип, соттолгон адамды түзөтүү жагынан иш жүзүндө натыйжа бербей, тескерисинче, алардын социалдык коомдо стигматизацияланышына алып келет. Ушуга байланыштуу сунушталган ченемдер күнөөсүн мойнуна алган жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга коомдон обочолонтпоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган» — деди Асылбаева.
Талкуу маалында депутат Бактыбек Турусбеков мыйзам долбоору азыркы экономикалык абалды эске алганда маанилүү экенин белгиледи.
«Буга чейин мындай амнистия жүргүзүлдү беле жана мыйзам кимдерге каралган?» — деп суроо берди ал.
Гүлшат Асылбаева мындай мыйзам кабыл алына электигин айтты.
Муну менен катар депутат Бактыбек Турусбеков мыйзамда амнистиянын мөөнөтү белгиленбегенине токтолуп, так көрсөтүлүшү керектигин айтты. Ушундай эле пикирди депутат Наталья Никитенко да билдирип, мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алууга болбой тургандыгын белгиледи.
Ал эми депутат Дастан Бекешев менен Кожобек Рыспаев мыйзам долбоору экономикалык кылмыш жасап, ал билинип калса, төлөп кутула бер деген түшүнүктү берерин айтып, сын айтышты.
«Аткезчилик көбөйөт. Бири кармалса, кайра кутулат. Экинчиси да кутулууга мүмкүн экендигин билип кылмышка барат. Бул ишкерчиликке колдоо көрсөтпөстөн, тескерисинче терс таасирин тийгизет», — деди Дастан Бекешев.
Андыктан мыйзам долбоорун биринчи окууда гана кабыл алуу сунушталды жана мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
булак: баракелде