Домой Коом Мектеп окуучулар арасында электрондук күндөлүк чыры башталды

Мектеп окуучулар арасында электрондук күндөлүк чыры башталды

212

«Эмненин негизинде төлөмү бар электрондук күндөлүккө кошулушубуз керек?» —деп маселе жараткан суроо менен интернет айдыңында ата-энелер арызы башталды.  ⠀
Жакында эле Бишкек шаарына караштуу №18 мектептин окуучусунун энеси  электрондук күндөлүккө кошула албай, колдоо кызматына чалып таптакыр байналыша албаганын айтып чыккан.

Анын айтуусунда шаардагы башка мектептерде электрондук күндөлүккө октябрдын ортосунан баштап ачылганын айтат.

“Тактап айтканда бир айдан ашык электрондук күндөлүк белгисиз болду. Жада калса күндөлүк пайда болгону менен ага баалар учурунда коюлбай жатат. Толөму бар күндөлүктүн кимге кереги бар? ”-деп суроо салган.

Бул тууралуу Билим берүү министрлиги электрондук күндөлүктүн кээ бирлери жеке компанияларга таандык экенин билдирген. Ошондой эле жалпы билим берүү мекемелер менен ата-энелер өз тандоосу менен га акелишим түзүшү керек.  Эгерде каалабасаңыз кошулуудан баш тартсаңыз болот деп билдирген.

 

булак: kompromiss.kg