Домой Маданият Ысык-Көлдөн Чынгыз хандын казынасы табылабы?

Ысык-Көлдөн Чынгыз хандын казынасы табылабы?

90

Бет-Карагай тоосу

Ысык-Көлдүн Түп районунда жергиликтүү жашоочулар Чынгызхандын казынасын издеп жатышат. Жергиликтүү тургун Аман Эгембердиев 2007-жылы эле казынаны издөө боюнча бригада уюштурган. Издөө жумуштары Ак-Булак жана Күрмөнтү айылдарынын түндүк тарабында жайгашкан Бет-Карагай тоосунда жүрүп жатат. Бригада 2007-жылдан бери 15 метрден ашуун жерди казып чыгышкан. 1952-жылы эле казына издөө иштери менен Улуттук коопсуздук кызматынын (КГБ) адамдары алектене баштаган. Жумуш “абдан жашыруун” белгиси менен жүргөн. 1968-75-жылдары алгачкы издөө жумуштарынын күбөсү жана катышуучусу генерал Алиев расмий түрдө Министрлер Советине, улуттук коопсуздук Комитетине жана Кыргыз Илимдер академиясына казынаны издөө боюнча расмий билдирүү менен кайрылган. Ошондон бир жыл өтүп, Геологдор башкармалыгынын адистери Күрмөнтү айылындагы казына катылышы мүмкүн деген жерди текшеришип, жер алдында белгисиз металл бардыгын айтышкан. Бирок, белгисиз себептерден улам казуу иштери башталган эмес.