Домой Коом С. Жапаровго С.Өмүрзаковдун «мафиясы» туурасында билдирген жаран коркутууларга учурап жатканын билдирди.

С. Жапаровго С.Өмүрзаковдун «мафиясы» туурасында билдирген жаран коркутууларга учурап жатканын билдирди.

173

3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөргөн. Жолгушууда Канназар Ыдырысов аттуу жаран Оштогу мафия туурасында билдирген. Ал мафиянын башында Өмүрзаковдор (Сүйүн Өмүрзаков) тураарын айткан.

Кайрылуудан кийин Ыдырысов кысымга кабылып, коркутууларга туш болгонун жергиликтүү блогерге билдирген.

Анын айтуусунда Өмүрзаковдун балдары жана милиция кызматкерлери анын үйүн курчоого алып, издеп жүрүшөт.

булак: nazarnews.org