Көз микрохирургия дарыгери Алмазбек Исманкулов эки айга камалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги өздүк булактарына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, Октябрь райондук соту Алмазбек Исманкуловду 9-апрелге чейин тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган.
Эскерте кетсек, Алмазбек Исманкулов жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкери мамлекетке 93 миллион сом зыян келтирген деген айып менен Башкы прокуратура тарабынан кармалган.