Домой Аналитика Алымкадыр Бейшеналиев: Депутаттардын тааныштарын кызматка албасам, мени коркутушат

Алымкадыр Бейшеналиев: Депутаттардын тааныштарын кызматка албасам, мени коркутушат

58

Депутаттардын тааныштарын кызматка албасам, мени коркутушат. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри “Супер.кг” порталынын эфиринде билдирген.

Мен башында депутаттарга барып жүрдүм. Качпай эле суроолоруна азыр деле жооп бермекмин. Аттарын айтпай эле коёюн кээ бир депутаттар менин туугандарымды башкы дарыгер кылып коюп бер деп сурана беришет. Ошолор кызматка койбосом эле, мени коркута башташат. Барсам кичинекей баладай кылып медицинаны түшүнбөй эле ар нерсени айтышат.

Иш сапарлары менен жүрүп дагы жыйындарга бара албай калдым. Депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз деп телефон чалып башташты“, – дейт Бейшеналиев.

media.centr.kg