Домой Аналитика Министр: Уу коргошундан ууланган адамдардын бири муздак ичсе, экинчиси дозасынан көп ичип...

Министр: Уу коргошундан ууланган адамдардын бири муздак ичсе, экинчиси дозасынан көп ичип алыптыр

11

Кечээ, уу коргошундан ууланып 3 адам ооруканага түшкөнү айтылган. Ал эми бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев комментарий берди.

“Кечээ бейтаптар уу коргошундан ууланып, ооруканага кайрылышкан.Үчөө уу коргошунду (аконит) залалдуу шишик дарты менен ооруп жаткандыктан, үч жылдан бери ичип келе жатышкан. Кечээ өзүм барып бейтаптарды көргөн учурда, бирөө айтты муздак ичип койгом деп. Ал эми экинчиси дозасынан көп ичип койгонун билдирди. Мурун ал бир чыны ичсе, кечээ ооруп жаткандыктан эки чыны ичип койгон. Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөн үчүнчү бейтап өзүнө келген соң “Уу коргошун ичкен эмесмин, келинчегим жөн эле айтып коюптур. Башка нерсе ичкем” деген экен. Аконит (уу коргошун) менен дарылоодо эч качан уулануу болбойт. Эмнеге дегенде дозасын карайбыз. Жакын арада протокол түзүп жатабыз. Анда кайсы шартта, кандай дозада ичүү керектигин жазып чыгам. Кылымдан кылымга кыргыз эли уу коргошунду элдик медицинада колдонуп келген. Илимде бул зат аконит деп аталат. Аны менен Франция, Германия, Орусияда дагы дарылоо иштери жүргүзүлүп келет” -деди министр.