Сотко чейинки иликтөө иши “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча башталды
УКМКнын СИЗОсунда Алмазбек Атамбаев менен анын адвокатынын сүйлөшүүсүн тыңшоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мурунку президенттин жактоочусу Замир Жоошев Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын жазганына караганда, Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Өзүнө же башка адамдарга жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалган кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.