Бүгүн, 30-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот иши уланууда.
Сот отуруму айрым айыпталуучулардын катышуусуз, анын ичинде мурдагы мамлекет башчысы Атамбаевсиз башталды.
Адвокат Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын өзүнчө өндүрүшкө бөлүүнү сунуштады.
«Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сот отурумуна келбегендиктен, процесстер көп учурда жылдырылып келет. Аны баштоо үчүн, ага байланыштуу ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлсөңүз болот. Мыйзамда айыпталуучулардын бири катуу ооруп жатса, материалдарды бөлүп алууга болот деп жазылган. Атамбаевде мындай оорулар жок, бирок анын сотко катышуусуна тоскоол болуп жаткандар бар», – деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин сот мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иштерин бириктирген. Бул иш Субихи Пархатиге байланыштуу. 2017-жылы, тергөөнүн версиясы боюнча, Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын сатканы үчүн андан 54 миллион сом алган. Ошондой эле Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине башка кылмыштар бириктирилген.