Домой Аналитика “Атамбаевдин духу, эрки күчтүү экен” деп “каралар” баа бериштиби?

“Атамбаевдин духу, эрки күчтүү экен” деп “каралар” баа бериштиби?

282

Ушундай. “Өзүм келбесем болбой калды…”, “Мен канчалык түрмөдө көп отурсам, бийлик үчүн ошончолук коркунучтуу…” деген сөздөр Алмазбек Атамбаевдин лексиконуна бап келишеби? Ушундай кептерди айтып, ызырынып атканы угулууда. Бир эсе “каралар” да “Атамбаевдин духу, эрки күчтүү экен” деп тамшанышып жатышканы эмнеден кабар берет? Экс-президент абактан бийликке каршылык көрсөтүп, саясатка да аралашуу менен парламенттик шайлоого катышарын билдирген эле. Эң жөнөкөй логикага келсек, бийлик Атамбаевди түрмөдөн чыгарып, дарыланууга шарт түзүп, көз каранды кылып албайбы? Ансыз да эки жылдан бери жазасын деле алса керек. Тирешүү, жоолашуунун аягы жакшылык менен бүтпөсүн эчен ирет көрдүк го? Азыр да кеч эмес.

булак: “Азия Ньюс” гезити