21-октябрда Турусбек Түмөнбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Дайындоо жөнүндө жарлыкка Садыр Жапаров премьер-министр болуп турганда кол койгон. Буга чейин ал Марат Пирназаровду “Унаа” компаниясынын директорлук кызматынан бошоткон.
Унаанын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун кудасы болобу же жокпу Factcheck.kg иликтөө жүргүзүп көрдү. Социалдык тармактарда Турусбек Түмөнбаев Жапаровдун улуу эжелеринин биринин жубайынын тууганы экендиги кабарланган.
Турусбек Түмөнбаевдин туугандарынын бири Эсеп палатасынын аудитору жана “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акылбек Түмөнбаев. Ал өз баракчасында ЖМКда жарыяланган маегин бөлүштү. Анын айтымында, анын Таалайбек аттуу агасы болгон, ал каза болуп калган.
Эсеп палатасынын сайтында маалымдалгандай, Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Ал эми “Тизме” порталынын маалыматы боюнча, бир тууган Турусбек жана Акылбектер учурда Кең-Суу айылындагы №3074 шайлоо участкасында каттоодо турушат.