Домой Коом Алайда Памирден келген кыргыздарга курулган үйлөр пайдаланууга берилди. (сүрөт)

Алайда Памирден келген кыргыздарга курулган үйлөр пайдаланууга берилди. (сүрөт)

7

Алай районунун Талды-Суу айыл аймагында памирлик кыргыздар үчүн курулган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Үч бөлмөдөн турган жалпы 11 үй жеке жылытуу системасы менен курулган.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдиргендей, жаңы курулган үйлөрдүн сегизи Нарындан көчүрүлүп келинген памирлик кыргыздарга, калган үчөө Сары-Моголдо жашаган жергиликтүү тургандарга берилген.

Нарында үч жылдан бери жашап жаткан памирлик кыргыздардан турган тогуз үй-бүлө Алайга жаңы курулган социалдык шаарчага көчүрүлүп келген. Үйлөрдүн курулушуна өкмөттөн 19 миллион 886 миң сом каралып, 1 гектар 20 сотых жер бөлүнгөн.

Өткөн жылдын 23-декабрь күнү кыргыз өкмөтү 11 үй-бүлөдөн турган 50 памирлик кыргызды Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүп келген. Этникалык кыргыздарга өкмөттөн турак жай курууга жылына 10 млн сомдон бөлүнө турган болгон.

булак: T-media