Домой Технологиялар ИИМ 15 млн. сомго планшет сатып алууга тендер жарыялады

ИИМ 15 млн. сомго планшет сатып алууга тендер жарыялады

46

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы тышкы кызматтар үчүн планшеттерди сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, пландалган сумма — 15 млн 162 миң сомду түзөт, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 25-ноябрда аяктайт.

Ведомство андроид 7.1 версиясындагы 380 даана планшет сатып алат.