Домой Коом АКЫРКЫ ҮМҮТҮБҮЗДҮ ЖАПАРОВ ӨРТТӨЙБҮ?…

АКЫРКЫ ҮМҮТҮБҮЗДҮ ЖАПАРОВ ӨРТТӨЙБҮ?…

318

Садыр Жапаров “7 канал” аттуу жергиликтүү ТВга интервью берип жатып, “Президентик кызматка ат салышкандардын бардыгы мага каршы чыккандар”- деп билдирген. Ушул жерден суроо президенттик кызматты Жапаров менчиктеп койдубу, же бабасынан калган мурасбы? Же президеттик креслого мөөрүн басып койду беле? Президенттикке шайлоолорго катышууга мыйзам боюнча 35 жаштан баптап 70 жашка чейинки, жалпы жонунан 15 жыл Кыргызстанда жашаган кыргызстандык ар бир жарандардын катышуу укугу бар. Таза жана татыктуу таймаш менен добуш берүү аркылуу эл өзү президентти тандап алышы керек.
Ал эми шайлоолор, үгүт иштери башталбай жатып Жапаров баш болгон бүгүнкү бийлик өзүнүн тарапташтары аркылуу жер-жерлерде административдик ресурстарды колдонуп, көнбөгөндөрдү коркутуп, кол топтоо үчүн барган башка талапкерлердин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп, кол салып жатканы ОДОНО МЫЙЗАМ БУЗУУ жана жарандык укуктарды тебелөө болуп саналат! Анысы аз келгенсип, Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова өзүнүн башкаруусунун алдында социалдык тармактарга жүздөгөн фейктерин ит агыткандай агытып, башка талапкерлерди шыбап, сөгүп –сактырып, талатып жатканын аларга алгач ишенип барып, тарапташ болуп кирип, бирок көзү менен көрүп, кулагы менен угуп, тарыхта мындай болуп көрдөгөн өз билемдик, башаламандыктарга чыдабаган тарапташтары четинен айтып чыга башташты. Вотсап аркылуу Айгүл Жапарованын оң колдорунун берген тапшырмалары да жакында эле ачыкка чыкты. Мындай күчтүү кысым менен басмырлоолордун буга чейин болбогонун бир гана талапкерлер жана алардын тарапташтары гана эмес, бүтүндөй эл айта баштады. Мурдагыдан андан кийинки ажыдаар андан да миң эсе ашып түштү. Ал ажыдаарды өлкөнүн азыркы абалы кооптондурган да жок. Анын командасындагы чала бышты кадрлары улам тетири чечимдерди, сунуштарды берип жатып, коңшу өнөктөш мамлекеттер да бизден баш тартышууда. Мисалы, Кыргызстанга ар тараптуу көмөк көрсөтүп келген Орусия Федерациясы азыр бизди карап жийиркенип турган маалы, чет өлкөлүк донорлордун бардыгы бизге багытталган булактарын бууп коюшту, инвесторлор качышты. Кыргызстандын экономикасы артты карай кетип, мындан 25 жыл мурдагы кейпине келди! Бюджетте акча жок экендигин өкмөт ачык эле айтты, керек болсо пандемияда жан үрөп, өмүрлөрүн тобокелге салып иштеген врачтардын айлыктарын төлөгөнгө каражат жок деп мышык ыйлаган кейпибизди билдиришти. Бизге эми даалысын салган Орусиянын аймагында эмгектеген миллиондогон мигранттарыбыз кыйналычтуу абалга кабылышты. Эсиңиздерде болсун, Кыргызстанга киргизилген акчалардын 90 пайызы мигранттардын эсебинен болуп турган, алардын маңдай тери, уйкусуз түндөрү, оор жумуштарда 20 сааттап иштеп тапкан акчалары менен Кыргызстандын экономикасы көтөрүлүп турган. Алардын акчаларына батирлер сатылып, ал батирлер жергиликтүү ишкерлердин колунан чыккан эмеректер менен толтурулуп, жакындары алардын салган акчаларына кийинип, үй-бүлөлөрүнүн курсактары ток болуп турган. Эми мигранттарыбызга Орусияда ачык эле кысым көрсөтүүлө башталды, аталган мамлекеттин өкмөтү кыргыз мигранттарын тажик мигранттарга алмаштырабыз деп жарыялашты.
Эми элестетиңиз, ал жактагы мигранттардын бардыгы өлкөгө агылып келсе Кыргызстанда хаос даана башталат. Кымбатчылык, ачкачылык, каатчылык заман эшик кагып маңдайыбызда турат. Ал эми курсактары ток аткамирелерибиздин 100 жылдык запастары бар, азыркы бийликтин да запаста турган аэродрому кайда экенин жакшы билебиз.
Жапаровдун тарапташтары азыр куру ишним менен убактылуу ЭЙФОРИЯДА турушат. Өзүн эмитен эле хан сезген Жапаров, Ханституциясы менен келип, ошол тарапташтарын кошуп туруп, бардыгыбызды тизе бүктүргөндө гана түшүнүшпөсө, азыр алар сектанын гипнозуна киргендей эле көзү сокур, кулагы дүлөй абалда сүрүнүп, сүрөөп турушат. Тилекке каршы бул биздин бүгүнкү күндөгү ачуу чындык. Кыргызстанда 5-октябрда башталган башаламандыктардын алгачкы күнүнөн баштап бери дегенде 3000 миң үй-бүлө башка мамлекеттерге баш-оту менен көчүп кетишти. Америкага грин-картага бергендердин саны мурдагындан 35 эсеге өстү, билимдүү жаштар Кыргызстандын келечегине ишенбей, өнүккөн өлкөлөргө кетип жатышат. Бул биздеги интеллектуалдардын сыртка массалык түрдө агылып кетип жатат дегенди билдирет. Өлкөдөгү билимдүүлөрдүн бардыгы сыртка кетип калса, мамлекетти көтөрө тургандар кимдер болот?
Памирдик кыргыздарды көрүп, 21-кылымда кантип ушундай шартта жашашат деген элек. Азыр өзүбүз дал ошол абалга кетип бара жатканыбызды түшүнүп да, туюп да сезген жокпуз. Өлкө азыр кимдин колунда? Алар бизди кайсыл тарапка жетелеп бара жатышат? Туңгуюк… Алдыда президенттик шайлоолор. Биздин — жаркын келечекке болгон жалгыз үмүт. Мына ошол үмүттү колдон чыгарып албасак экен! … #ханституция аркылуу бизди көргө сүйрөгөн азыркы баскынчыларды эгер шайлап жиберсек, анда өлкөнүн келечегине өз колубуз менен балта чаптык дей бергиле! Анткени аларга жаратмандык, өлкөнү өнүктүрүү негизги максат эмес. Алардын көздөгөнү мурункулардан өч алуу, Кыргызстандын акыркы байлыктарын соруп түгөтүү. Эмне дейбиз… Үмүттүн акыркы шооласын туура колдонолу, туура тандоо кылалы, келечибизди өз колубуз менен өрттөп жибербейли элим!