Домой Коом Жеке ишкер Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө үчүн 1 миллион сом берет.

Жеке ишкер Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө үчүн 1 миллион сом берет.

189

Жеке ишкер Адылбек Асанов Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө үчүн ачыла турган атайын эсепке 1 млн сом берээрин билдирди.

“Динибизде да “мекенди сүйүү – ыймандан” деп, таасын айтылган. Демек, ар бирибиздин колубуздан келишинче мекенге кошкон салымыбыз адамдык да, жарандык да парзыбыз деп билем. Көпчүлүктүн катарында мени да Кыргызстандын башка өлкөлөргө болгон карызы тынчсыздарбай койбойт. Анткени биздин башка мекенибиз жок. Биз өз өлкөбүздө гана бакыт таап, өз жерибизде гана эркин жашай алабыз. Ошондуктан бир кыргыз жараны, ушул өлкөдөн ырыскы таап жаткан жеке ишкер катары – Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө үчүн ачыла турган атайын эсепке, “NURZAMAN” Курулуш Компаниясынын атынан 1 000 000 сом өлчөмүндөгү каражат бөлүп берүүнү чечтим“,- деп жазды ал кайрылуусунда.

Ошондой эле Адылбек Асанов колунда мүмкүнчүлүгү бар жалпы мекендештерди өлкөнүн оор абалдан чыгышына салым кошууга чакырды.