— Жакынкы күндөрдө КСДПнын курултайы өтүшү күтүлүүдө. КСДП курултайында саясый кеңеши көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбековдон тышкары дагы башка талапкер көрсөтүлүшү мүмкүн деген түрдүү кептер айтылууда. Бул боюнча кандай комментарий бересиз?
— Саясый кеңештин расмий чечими кабыл алынган. Саясый кеңеш бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн. КСДП – кичинекей бала эмес. Бул саясый уюм, бирден бир тажрыйбалуу, 20 жылдан бери партиялык курулуш боюнча саясый иш жүргүзүп келаткан партия.
nonprescriptionlavitra. — Балким, партиянын курултайында башка райондордун өкүлчүлүктөрү өз талапкерлерин көрсөтүшөттүр?
— Бул алардын өз укугу. Бирок, партиянын курултайында КСДПнын атынан бирдиктүү, жалгыз талапкерди жылдыруу боюнча чечим кабыл алынат деп ойлойм. Саясый кеңештин өзүндө да бардык региондордон мүчөлөр бар. Алар бир добуштан талапкерди көрсөтүштү. Андыктан мен КСДП партиясы жалгыз, бирдиктүү талапкерди көрсөтөт деп ойлойм.
Мен Ош шаары жана Ош облусу боюнча иштейм. Анан ал жактагы бардык биздин регионалдык ячейкалар, штаб, штаб кызматкерлери Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдошот. Ал Ош облусунун губернатору болду, министр, депутат болду, эми өкмөттү жетектөөдө, башкача айтканда, ал ишмердүүлүктүн баардык сфераларын билет. Ал тажрыйбалуу саясатчы, партиянын узактан берки мүчөсү жана жөн гана абийирдүү, таза адам. Биз анын талапкерлигин колдодук.