Домой Коом Ахматбек Келдибековду Алайга киргизбей коюшту

Ахматбек Келдибековду Алайга киргизбей коюшту

563

“Раиммиллиондун” “бакма” баласы, “Мекеним Кыргызстандан” депутаттыкка аттанып жаткан Ахматбек Келдибековдон да оомат кетти. Чынында мындай атагынан чатагы арбын адамдардан кыргыз эли чындап тажады. Ал тургай алайлыктар да аны көрө турган көзү калбай калыптыр. Керсейген Келдибеков Алайга үгүт кылам деп барган кезде, аны Алайдын жаштары киргизбей коюшту. Алар: “Ушунча жылдан бери эмне иш кылдыӊар?” – деген суроо салганда, тескери сийген Ахматбек: “8 жылдан бери Текебаев, Атамбаев менен чабышып жүрдүм” – деп керсейе жооп узатты. Мына Келдибековдун жеткен болгон деӊгээли. Албетте, башка иши жок болсо, анан былык иштерин мыйзамга такап, жазага тарта тургандарга айбат кылып чабышат да. Чабышып атып, “периштедей тазамын” деп жатып, соттолоордо элди көтөрүп Эркештам жолун жаптырып, кыргыз экономикасына миллиондогон зыян келтирген. Ошондон кийин чала-була жазасын тартып, бирок акчанын күчү менен кутулуп кетип, эми минтип килеӊдеп кутуруп жүрөт. Кутура берсин, канчага кутурмак, аны башкаларды айтпаганда да Алайдын эле жаштары ордуна коюп коёт. Алайга батпай калган Ахматбектин өлбөгөн эле төрт шыйрагы калды десек, амалга салып, эптеп Алайга кирип чыккансыды. Бирок мурункудай эмес, шылдыӊ, ыза менен чыкты. Элдин жек көрүп калганы эми аз аздан болсо да мээсине жетип атса керек…

Булак: Багыт гезити