Жакында эле Кемин районунда жети жана он бир жашар кызын зордуктап жүргөн айбанбы же нааданбы, иши кылып бир жаныбар ата кармалды. Ушундайды уккандан киши коркот. Бирок, мындайды кийинки убакта көп уга баштадык. Кулак да көнүп бараткандай.
Расул Гамзатовдун жазганы бар эмеспи: «Бир жылдары баланча деген жерде арак ичкен киши бар деп аны көрүүгө барышчу, кийин баланча деген жерде ичпеген киши бар экен деп барып көрүп жатышат»деген. Мен улуу жазуучунун айтканын сөзмө сөз айтпасам да мааниси ушундай. Анысы кандай көп жыл мурун өз кызын зордуктаптыр деген аябагандай жаман угулчу эле, эми боло жүрчү окуя катары кабыл ала баштадык окшобойбу. Окшобосо ойрон калсын! Жөн адам ушундай окуяларды ойлогондон коркот, заарканат! Мындай окуяны кадимки эле айбандар жасабайт экен! Адамдан өткөн мыкаачы, адамдан өткөн өзүмчүл, адамдан өткөн наадан болбойт дегени да чын экен го! Жанагы өз кызын зордуктаган немелерди дароо атып салчу мыйзам болгондо эмне!
Адамзат турмушундагы ар кандай абийирсиз окуялар Батыш тарапта небактан эле болуп келген экен. Ал тарапта өз кызын зордуктаган окуя анчалык деле чээнден чыккан көрүнүш да болбой калган. А биз деген Батыш эмеспиз, биз деген кыргызбыз. Кыргыз деген ак менен караны, адамдык менен наадандыктын так чегин билген жана сактаган эл болот! Анткен менен Батыштын таасири убакыт өткөн сайын жыла басып кыргыз калкын булгап барат. Кыргызга мүнөздүү мыкты сапаттардын бири- анын аккөңүлдүгү. Анан ошол аккөңүлдүккө ашкере ишенчээктиги кошулуп берсе, сырттан келген таасирге туруштук берүүсү кыйын экен… Ошолордон азга тизмектейличи…
Бул адамзаттын кээ бир кылыктарына түшүнүп болбойт. Тапталган чындыктан айталы, кыштын кыраан чилдесинде жаңы жыл тосконун айт! Логика менен ой жүгүртүп көрсөң жаңы жыл деген эскинин баары кетип, куурап, жоголуп ж.б. анан жаңы нерсе өнө баштаганда, бүр байлаганда дейли, келет да. Жанагы «Нооруз» дегенибизди 21-мартта тосуп жаңы жыл кылып жатканыбыз да бекер эмес. Ошол кезде кыштын ызгаары менен тоңу кетип, жер жибип, көк-сөк жанданып дегендей… Анан январда тоскон жаңы жылда орустарды туурап жапжаш балатыларды кыйып үйгө орнотуп, анан беш-он күндөн кийин ыргытып жатканыбыз адамдыктын кайсы жакшы мыйзамына барып такалат? Жок, жок ошол көрүнүштө жакшылык өлгөн жер, жаңы өсүп жаткан балатыларды кыйып кыйратуу деген гана бар! Өнүп жаткан нерсени кыйгандыкты эч бир маани, көрүнүш, себеп менен жаба албайсың!
Үйлөнүү тойлору таптакыр тескери кетти. Баарын айтпайын, көпкөн немелердин тойлорунда эмне деген кылыктар болбойт. Ата-энесинин көзүнчө келин-уулдуу өбүштүрүп, түрү бузук оюндарды ойнотуп, япондордун добулбастарын кактырып… түрү курусун, абийирлери кетет да! Карысы деле сүлкүлдөйт, жашы деле сүлкүлдөйт, бийлеп жаткандары… Ырчыларыбыз шаша келип, шаша ырдап, кезектеги тойго зуу коөт. Илгерки байлардын эшик ырчыларын шылдыңдачу элек суксуңдап турушчу экен деп, азыркы ырчылар алардан небак ашып түшкөн!
Биздин ары жок кээ бир жаштар «Валентин күнү» деп көчө-көчөдө өбүшүп жатат. Элдин баары карап турган өбүшүүнүн жакшылыгы деле болбосо керек. Өбүшүү бул бири-бирине арзыган эки адамдын эч ким көрбөчү ыйык мамилеси эмеспи. Ал жөнүндө айтышка да болбойт. «Көрүштүк деп айта көрбөгүн, өбүштүм деп айта көрбөгүн» деп Шайлообек бекер жазган эмес…
Батыштын дагы бир абийирсиздиги-эркектин эркекке, аялдын аялга үйлөнүш салты! Мына ошол айбандык акырын жыла басып бизге келип, ошол айбандыкты мыйзамдаштырыш керек деп жатат. Мына ошол көрүнүнүшкө тургус сокку урушубуз керек. Баса, ошондой көрүнүнүшкө каршы чыккан бир азамат азыр соттолуп жатат дейт…
Мусулман баласына, анын ичинде кыргыздарга эшектин эти арам. Мына ошого карабастан кыргызга эшектин этин жедиргендер чыкты, эшектин терисинен бизнес жасагандар абийирсиз иштерин бүгүн да кылып жатат. Эшектин этин сатуу үчүн кытайлар менен келишим түзүп жаткан наадандар чыкты. Эй, бийлик тараптагылар, жалпы калкка арам делген нерседен бизнес жасагандарды токтотпойсуңарбы! Бийлик деген биринчи иретте калкынын-улутунун камын көрбөйбү! Жогорку Кеңеш эшек такалап олтурабы?!
Батыш тараптагылар кылымдап Жараткандын мыйзамы менен кармашып, ошонун натыйжасында жаман иштер да болуп жатат. Жараткан деген эркекти эркек кылып, анан милдетин кошо жараткан, аялды аял кылып, милдетин кошо жараткан, дене мүчөсүндө да айырма бар… Ал мыйзамдан чыктыңбы, турмуш ыргагы бузулат, бул жумшак, жупжумшак айтылган абал. Болбосо, турмуш кыйрап берет! Жараткан аялды адам кылып жаратып анан эң негизги милдетин таккан эмеспи: эне болосуң деп! Ооба, аялдардын Жараткан алдындагы да, адамзат алдындагы да негизги милдети эне болуу касиети. Аялды назик кылып жараткан. Анткени ал үйдө олтуруп алып ымыркайын үлпүлдөтө багат, элжирей эркелетет, кагылып-согулуп тилин чыгарат, үй тирилиги да анын колунда, жакшы аял күйөөсүн кошо бакпайбы, ж.б. «Аял жакшы-эр жакшы» деген бекер чыккан эместир. Бүлөнүн ички ишинде ата дегениң экинчи орунда. Ошондон улам атасы өлгөн балдарды «энеси бар эрке жетим» деп коөт. Оо, эненин улуулугу, ыйыктыгы айтып бүткүс маселе го… Эми ошол эне болуп турган азыркы кээ бир аялдардын сүрөтүн тарталычы: күлтүлдөп, сүлкүлдөп, ойт берип турат, кол салып жиберчүдөй болуп комдонот, сөз тандабайт, оозуна кандай сөз келсе, ошонусун айтып турат, эркек экен деп күйөөсүн сыйлабайт, тескерисинче, анысын тилдеп берсе, уккан адам жерге кире жаздайт, керек болсо, ошол күйөөсүн көмө чабат, бир колу менен көчүктөн, экинчи колу менен желкеден алып ыргытчу болсо, о-ой… анан арагын арактай ичет, пивосун пиводой ичет, тамекиси колунда. Бирди, болбосо, экини төрөп туруп токтотуп койгон… «төрөбөй эле койгондо эмне, минтип фигурам бузулбайт эле» деп өкүнгөнү канча! Ошентип коюп эркектерге мүнөздүү спорттун бардык түрүнө катышып жатканы: футбол, хоккей, штанга, бокс, эрежесиз уруш, ж.б. Спорттун бул түрүнө катышкан аялдардан назиктик качпайбы… Жок, бул тарапта сөз бүтпөс. Бир айтарыбыз: азыркы аялдардын бир катары аял болбой калган. Жанагы тилеги жакшы «гендер» деген саясат зөөкүр аялдарды жаратуунун түптүз жолу экен. Аял менен эркектин Жараткан бөлүп берген ажырымы жоюлганда- акыр замандын келгени ошол болор… «Кыздын баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?» деген макал азыр жарабай турат. Анткени, жаман кыздарыбыз батпай барат!
Быйыл «ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыяланды. «Балан-бастандын жылы» дегенден жыл куру эмес, анын майнабы аз же жок. Түбөлүктүү нерселерди жыл кампаниясына айландырыштын өзү туура эмес деп ойлойм. Маселен, ыйман дегениң түбөлүктүү нерсе. Адам турмушунун жакшы же жаман болушу адамдардын ыйманына жараша болот. Ыйман деген эс киргенден баштап, акыркы дем алганча чейин адам баласынын жанында болот: бири ыймандуу, экинчиси ыймансыз. Ыйманың түз болсо өзүңө да, өңгөлөргө да жакшы. Ыймандуу кылып тарбиялоодо элдик оозеки чыгармачылык, «Манас», улуулардын нускасы, адабият менен искусство аркылуу жүргүзүлөт… Албетте, үй-бүлө, бакча, мектеп, жогорку окуу жайындагы тарбия маанилүү орунда. Мына ушул жактагы иштерди күнү-түнү жүргүзүш керек!
Бүгүнкү күнү таза ыйман менен эсептешкен адамдар азайып барат. Бир эле мисал: далай коррупционерлер, айталы, Нариман Түлеев, Ахматбек Келдибеков, Урмат Аманбаева, Данияр Нарынбаев сыяктуулар уялбай-этпей эле таза эл менен теңата болуп, өздөрүнүн «ак» экендиктерин айтып, «саясий заказдын» курмандыгы экендиктерин баса белгилеп, жатышпайбы. Дал ушул абалында алардын ыйманынын жоктугунан кабар берет. Элдин акчасынан эбегейсиз алып, соттолуп, анан биздин мыйзамдардын алешемдигинен, сатылган соттордун аркасынан боштондукка чыгышты. Ошондон соң тобо келтирип, топук кылып тынч жаткандын ордуна таза адамдардан аша сүйлөп «актанып» жатканы! Жолуңар болсун…
Гезитибиздин өткөн санында Равшан Жээнбековдун кылгандарын жана менчиктеп алган жайлары жөнүндөгү макала менен таанышып, кээсин мурун эле билчү элем, жакамды кармадым. Ошонун баарын кылып коюп, уялбай-этпей эле адамдарды актыкка, айкындыкка чакырып, бийликти аябай жамандап жатканы адамдыктын кай жерине сыят?! Анын минтүүгө моралдык акысы жок эле. Бул жүрүшү жигиттик эмес! Жээнбековдой чоң-чоң жегендердин баары эч нерсе болбой эле, эл башкарып эле же бизнесин жасап эле жыргап-куунап деген сыпаттама менен таза адамдардын жанында жашап жатат. Аларды жоопко тартчулардын өздөрүнүн баскан жолу кир. Ушундай туңгуюк!
Баратбай Аракеев