Жогорку Кеӊештин депутаты, учурда иниси “Раиммиллион” түптөгөн “Мекеним Кыргызстандан” кайрадан депутаттыкка ат салышып жаткан Искендер Матраимовдун “Саясат кg” деп аталган сайтка: “Карантинде биз ун таратып кедейлерди сактап калдык” деген мааниде берген маеги коомчулуктун кыжырын кайнатты. Аларды каргап-шилегендердин катары калыӊдады. Айрымдар, маселен: интернет колдонуучу Умар Казыев деген адам: «Матраимов майып балама бир мүшөк ун берген, ээүү турат унуңар ачкан жокпуз, алып кетиңаа ака, же жеткирип берейинби?” – деп жазды. Кыскасы, кесир сүйлөшкөн матр-кландар жакын арада элден, элден болбосо Кудайдан көрө турчу бир көргүлүктү көрө турган болуп калды. Деги эле, кыргыз эли бул матр-кландар жок эле кылымдар бою кырылбай-этпей эле ушул күнгө чейин жашап келди. Мындан ары да сопсонун жашай берет. Ал эми элди кемсинтип сүйлөгөндөр бүгүн бар да, эртеӊ жок. Элдин каргышы алардын укум-тукумуна чейин жетет, наалаттыкы…
Булак: Багыт гезити