Алайда петроглифтер табылган жерден көмүр казуу иштери жүргүзүү аракеттери болгону коомдук сайттарда кызуу талкууга түштү. Изилдөөчүлөр петроглифтердин бир тобу зыянга учураганын айтууда. Бирок кен казган компания тарыхый эстеликтер зыянга учураган эмес деп актанууда. Бул боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Ошонун жыйынтыгы менен гана тарыхый жай канчалык зыянга учурганы белгилүү болот.
Белгилүү археолог окумуштуу Кубат Табалдиев Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Мурдаштагы сүрөттөр — бузулуп жаткан эстеликтердин миңинин бири экенин белгилеп, буга өтө кайдыгер мамиле болуп келе жатканын айтты.
Алайдагы азыркы чуу чыгып жаткан жерлерде аска-таштарга тартылган сүрөттөр көп экен. Мунун өзү — ошол жердин байыркы адамдардын турмушунда ролу жогору болгондугун көрсөтөт. Булар ачык асман астындагы байыркы ата-бабаларыбыздын храмдары. Азыр мечитке, чиркөөгө, храмга барган сыяктуу эле бабаларыбыздын сыйынган жерлери. Жазында көк чыгып, эл тоюнган учурда, кыштан аман-эсен чыккандан кийин алдыга дагы үмүт-тилектерин айтып, ошол бийктикке чыгып, ырым аткарыш үчүн баргандагы издер. Жөн эле балдар эриккенден таш бетине текенин, аркардын, аңчылык сценаларын тартып кеткен жер эмес. Ошондуктан бул жерди — байыркы бабаларыбыздын руханий маданиятын чагылдырган жер деп билишибиз керек. Бул аймактагы эстеликтердин ачылышы көрүнүктүү филолог, ОшМУнун доценти Лутфилла Жусупакматовго таандык. Ал киши филолог болсо дагы таш бетиндеги жазууларды изилдеп, ОшМУнун студенттерин деңиз деңгээлинен 3 миң метр ашуун бийик жерлерге практикага алып чыгып, сүрөттөрдү көчүрүп, китептерди чыгарып келген. Союз маалында эле географиялык коомго чейин маалымдаган. Кийин 90-жылдардын аягында 2000-жылдары биз Алайда иштедик. Гүлчө суусунун боюндагы эстеликтерде, Күң-Электе, Жүркүн, Үч-Дөбөнүн маңдайындагы Туюк деген жерде иштедик. Ошол убакта жергиликтүү элден сураштырдык, анан ошол жердеги аңчылар бизге Терген-Ташты көрсөткөн. Лутфилла агай иштеген жерди көргөнбүз, бийик жер экен, түтөк бар экен. Мергенчилер дагы башка жерди билебиз деп, Мурдаштын-Башы деген жерден петроглифтерди көрсөттү. Туура-Бел деген дагы жер бар. Көл жайгашкан жер болсо керек эле. Аны дагы көрсөтүшкөн. Биз көп изилдөө жүргүзө албадык, бирок сүрөттөрдү тартып, архивдеп койгонбуз. Ошону менен «Терген-Таш жана анын айланасындагы петроглифтер» деп тарыхка кирген. Кыргызстандын борборундагы Саймалуу-Таштан башка дагы Алайда, Таласта, Нарында, Ысык-Көлдө байыркы сүрөт галереялары бар экенин эскертип келебиз.
Демек, азыр талкуу болуп жаткан Алайдагы жер Терген-Таш жана анын айланасындагы петроглифтердин толуктаган дагы бир жаңы ачылышпы?
Мурдаштык биздин Исламидин Нурдинов деген студенттибиз даярдоо курсунда эле археологиялык казууларга кызыгып келди. Биз чогуу барып ошол жерди иликтейли деп даярданганбыз. Өз алдынча дагы изилдөө жүргүзгөн дилгир балдар гана ийгиликке жетет. Бул бала Терген-Таш эле эмес, андан ары кетип, ушул жаңы эстеликти таап алган. 2 ай мурун эле сүрөттөрүн жөнөткөн. Улам кайра-кайра барып жаткан. Мына ошол жигит сүрөттөр бузулуп баштаганын кабарлады. Кийин кызыкдар кишилер барып, чыны менен эстеликтин бузулганын айтып келишти. Бузулганга чейинки сүрөттөрү Исламидинде бар. Азыр кен казган компания эч нерсе бузулган эмес деп жатпайбы. Ошол жерде байыркы көрүстөн бар экен. Ошонун бири талкаланыптыр. Балким, көрүстөн менен таш бетиндеги сүрөттөр бир доордо болгондур. Изилдесе көп кызыктуу ачылыштар болот.
Бул петроглифтер кайсыл доорго таандык болушу мүмкүн?
Саймалуу-Ташка окшоштуктары бар: тегерек Күн сыяктуу белгилер, жаныбарлардын, кишилердин сүрөттөрүнүн стилине караганда орто коло дооруна, кеч коло дооруна таандык сүрөттөргө мүнөздүү. Мындан 3-4 миң жыл илгерки сүрөттөр бар деп айта алабыз.
«Премьер, президенттердин иши да жок»
Ушул окуяга өкмөт башчы өзү баш болуп реакция кылса болот эле дегендер болду. Бирок Маданият министрлиги кыска гана билдирүү менен чектелди. Кыргыз өкмөтүнүн, дегеле бийликтин, коомдун ушундай эстеликтерге мамилеси кандай?
Быйыл 33-жыл археологиялык сезонго чыгып келдим. Жыл сайын ушул сыяктуу бузулуп жаткан эстеликтердин Кыргызстандын бардык тарабынан кездештиребиз. Мурдаштагы сүрөттөр — бузулуп жаткан эстеликтердин миңинин бири эле. Көрдүңүзбү, биздин байыркы мурастардын тагдыры келечекте кандай? Сактоо аракети, кандай иштер аткарылышы керек, кандай мыйзамдар кабыл алынышы керек? Алардын тарых үчүн маданият үчүн ролун ачык билбегенден ушундай абалга келип олтурабыз. Технология алдыга кеткен, бирок байыркы эстеликтер талкаланып жаткан доордо жашап жатабыз. Ар бир өлкөдө ушундай эстеликтерди сактоо, коргоого болгон салттары калыптанган. Маселен, Францияда археологдордун жылдык конгрессине президент, өкмөт өкүлдөрү келип катышат. Буларда XVIII кылымдан бери жакшы салт уланып келүүдө. Өзүңүз деле байкайсыз да, азыр шайлоо жүрүп жатат. Ошол талапкерлердин программасында ата-мурастарды сактоо, аларды пайдалануу тууралуу сөз болбойт. Мурдагы президенттик шайлоодо деле ушундай көрүнүш болуп келүүдө. Мына ушунун өзү биздин бул жактан тарбия албаганыбызды көрсөтүп турат. Мыйзам бар, бирок иштебейт. Көп жылдык тажрыйбамда муну айта алам: эстеликти сактап калуу үчүн ар бир атуулдарыбыз салым кошуу керек. Себеби, ар бир айылда ушундай эстеликтин баа-баркын билген кишилер болот. Эч кимдин буйругу жок эле, ушундай эстеликтерди коруп келе жаткан кишилер бар. Мисалы, президенттин, премьердин, минситрдин, депутаттын бул эстелик менен эч иши болбойт. Бардыгы Саймалуу-Таш бар экенин билет. Бирок ичи тарыхына сүңгүп кирбегенден кийин маанисине деле сүңгүп кире албайт. Азыр биз мындай эстеликтерди коргоп сактап калсак, келечегинде Кыргызстанда ачык асман алдындагы эстеликтердин өлкөсү болуп, туризм тармагы өнүгөт.
Сиз айтып жаткан эстеликтердин картасы барбы? Жергиликтүү бийлик кабардарбы?
Билесизби, дүйнөдө бир гана Кыргызстанда археологиялык эстеликтердин паспортун түзүп, жылына жеринде каттап туруучу орган жок. Совет бийлигинин маалында ушундай чечим болгон. Мен дагы катышып калдым, 1987-жылдарга чейин жүргүзүлүп, аягына чыкпай калды. Ошол бойдон уланган жок.
Бул тууралуу маселе көтөрдүңөр беле?
Айтылат, бирок мурас коргоо боюнча тарбия, билим азыраак болгондуктан бардык инстанцияларда ушул маселеге кайдыгер мамиле. Эгемендик жылдардан кийин бир чоң ката кетти, ушундай археологиялык эстеликтер турган жерлер эске алынбай жеке менчикке берилип кетип, жүз миңдеген эстеликтер түздөлүп кетти. Анан ошол кемчиликти жоюш үчүн Маданият министрлиги жакшы ишти колго алып, азыркы мезгилде жаңы өздөштүрүлө турган жерлерди археологиялык экспертизадан өткөрүү боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөр кирген.
Алайдагы учурда эмнеге бул эске алынбай калды?
Ооба, бул каралбай калыптыр. Негизи буга чейин бул иш аткарылып эле келе жаткан. Маселен, жазында эле Өзгөнгө барып келдик, ошондой көмүр казыла турган жерге барып, отчет кылып, эстелик жок деп чечим чыгарып келгенбиз. Алайда өз алдынча эле жолдорду куруп баштагандан, эстеликтерге зыяны тийген. Маданият министирлигиндеги жападан жалгыз мурас сактоо бөлүмү бар. Ал жерде болгону 2 кызматкер аракет кылып иш алып барат. Археологдор жүргүзгөн экспертиза отчету аркылуу жергиликтүү бийликтер менен кат жүзүндө туруктуу иш жүргүзгөнгө аракеттенишет. Бирок, талаага чыгып ар бир жерде, туруктуу талаа шартында сактоо ишин алып барууга, эстеликтин паспортун, тизмесин түзүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Биздин тажрыйба көргөзгөндөй паспорт, тизме түзүлгөнү менен эстелик сакталып калбайт экен. Кийинки айыл башчы же акимдин ал боюнча иши да болбойт. Натыйжада, бузулуп жок болуп кетиптир деп эле калып жатабыз. Бүтүндөй орто кылымга таандык шаарча калдыгын, чеп топурак кылып жоготкон мисал Алайдагы Күң-Элек айылында катталган. Ким жооп берди? Ошондуктан, туруктуу иш алып барган, мыйзам чегинде жазалоо укугу бар, унаа, техника менен каржыланган мамлекеттик уюм сактоо ишин колго албаса, маселе бир чечеим, бир аракет, бир чуу салуу менен бүтпөйт.
Отуз жылдан бери археологиялык изилдөөгө каражат бөлүнбөйт
Кыргызстанда археология илиминин келечеги кандай?
Отуз жылдан бери пландуу түрдө археологиялык изилдөөгө каражат бөлүнбөйт. Бизде бир жолу «Манас-1000» маарекесинде, Оштун 3000 жылдыгын белгилейбиз дегенде бир мүмкүнчүлүк берилген. Андан бери эч кандай көңүл бурулган эмес. Кечээ жакында гана Маданият министрлиги ттарабынан чакан программа болду. Биз балбал таштардын паспортун түзүп, каттоо боюнча иши жүргүздүк. Салыштырып көрүңүз, азыр ат чабыштарга жана башка нерселерге миллиондоп байге сайылат, машине берилет, башка-башка байгелер берилет. Бирок мындай ишке каражат бөлүнбөйт. Чынында чоң деле каражат кетпейт. Мисалы, бир миллион сом болсо, үч экспедиция иштей алат. Бул иште саясий эрк керек дагы көп жылдык стратегиялык план иштелип чыгышы зарыл. Анан өкмөткө ким келбесин, муну милдеттүү түрдө аткарышы керек. «Кумтөрдүн» алтыны түгөнөт, маданий мурасты канчалык сактасак, анын элге пайдасы, туризм аркылуу тийгизген пайдасы зоболоп өсө берет.
Булак: bbc.com