“Кырсык — каш-кабактын ортосунда” экени 29-апрелде дагы бир ирет тастыкталып, Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу кыштагындагы жер көчкү 24 өмүрдү жалмады. Заматта 11 үй жер астында калып, ондогон тагдырлар талкаланды. Албетте, Жараткандын мындай сыноосунан алсыз пенде качып кутула албайт экен.
Жер көчүп, 24 адам өлүп жатса ошол жерге жете калып, кырсыктан саясат жасагандар күйбөгөн жерди күл кылууда. Маселен, А.Келдибеков, А.Мадумаров, К.Ташиев “үчилтигинин” кылыгы көпчүлүктүн итиркейин келтирип, кыжырын кайнатты. Кан жутуп, жакындарынан ажырап турган элди топтоп, аларга кайдагы саясатты сүйлөп, эптеп бийликтен кынтык издегени чынында уят иш болду. Шайлооң, саясатың менен куруп кал деп кууп чыккан жан болбоду буларды.
Келдибеков, Мадумаров, Ташиев чириген бай-көпөстөр. Эгер чындып элге күйсө башканы сындабай конкреттүү жардамын берип, колун сунуп жигиттик кылышбайбы. Кол куушуруп, “кана түгүнчө жетекчи” деп опурулбай. Көчкү жүргөн жерге жете калып, ал жерде бакылдаган баарынын колунан келет. Керек болсо Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда ошол жерде көчкү башталган. Камчыбек Кыдыршаевич калк камын ойлосо ошондо эле маселени кабыргасынан коюп, элди көчүрүп кетпейт беле, түштөн кийин баатыр болбой.
Анан дагы үч “эрен”: “Бул жакка бийликтен эч ким басып келбептир» таризинде өздөрүнчө эле бүтүм чыгарып, коомдук пикир жаратууну көздөшүүдө. Бирок, реалдуулукту элдин баары өз көздөрү менен көрүп турушат. Мисалы, алар барганга чейин эле жер көчкү болгон жерге ЖК төрагасы Ч. Турсунбеков бир нече депутат менен кошо барган. Президент А. Атамбаевдин тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри К. Боронов барган, Президенттин кеңешчиси И. Илмиянов да барып, кайгыга батып турган элдин кайгысын тең бөлүшүп, ошол эле убакта тиешелүү иш-аракеттер жасалууда. Премьер-министр С. Жээнбеков да өзү барды. Балким, муну жогоруда аттары аталган үчөө билишпейттир. Эгерде билишпесе, анда адегенде маалыматты жакшылап билип алып, анан сүйлөгөндөрү туура болот го. Же ушул жер көчкү кырсыгынан да саясат жасап, бийликти элге жек көргөзүп, өздөрүн элге жакын кылып көрсөткүлөрү келүүдөбү?
Кырсыктан саясат жасап, кан жутуп турган элди саясый кызыкчылыгы үчүн колдонуу эң ыпылас технология. “Ата Мекен” партиясы Дача СУдагы учак кырсыгын саясатташтырып, Ө.Текебаев дегени тынбай бакылдап кандай шермендеси чыкты. Андыктан Келдибеков, Мадумаров, Ташиев “үчилтиги” акылы болсо элге конкреттүү материалдык жардам берсин. Эгер битирленип куру эле сөз менен бийликти сындап, котур ташын көрсөтө турган болсо элди тынч койсун. Эл мындай “бокмурундарга” өз баасын берип алат.