Бийликке ыктаган айрым аты-жыты анчейин белгисиз телеканалдар Курманбек Бакиевди ойда макташып, ал келбесе жашообуз өтпөй калчудай элес калтырышты. Мындай берүүнү байма-бай көрсөтүшүп, элибизди нааразы кылышканы эмнеси?
Алысты көрө билбеген айрым ЖМК ээлери бийликке кара көлөкө түшүрүшүп, ушундай ыксыз жорукка барышканы уят! Мындай көрүнүш Атамбаевдин пиарщиктерине майдай жагып, дагы да упай алышканы, өзгөчө соцтармактарда төө бастыга алышты. Элибиздин канын төгүп кеткен бакиевдерди мактай берсек, аягы жакшылык менен бүтпөйт эй! Ал телеканалдардын артында «Ихлас» компаниясы, Шакиев жана Келдибеков турары айтылып, сынга кабылышууда…
«Азия Ньюс» гезити