Домой Саясат Абжалиевдин баласы аппак бойдон калдыбы?

Абжалиевдин баласы аппак бойдон калдыбы?

111
Бир ай мурун Чолпон-Ата шаарындагы түн ортосунда катталган жол кырсыгынан 4 жаш баланын өмүрү кыйылган. Ал жол кырсыгына ЖК депутаты, президенттин кан кудасы Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкандыгы көп ирет айтылып, көп жазылды.

Бирок Абжалиевдин Бишкек шаардык кеңешиндеги депутат баласын ак халатчандар баштап, айтор бүтүндөй бир мамлекеттик машина коргоого алып, аны жол кырсыгына тиешеси жок кылып актоого аракет кылды. Бирок баарын эл көрүп, баарын тушүнүп турат. Ортодо Атамбаевдин камакка алынышы боюнча окуя ал кандуу жол кырсыгын бир аз унуткарып койгондой болгону менен, эл муну чынында унута элек. Күнөөлүү адамдар жоопко тартылышы зарыл. Бийлик минтип өз кишилерин калкалай берсе, бир күнү » талканаларын» унутпашы абзел…

Булак: «Багыт»