Азыркы тапта саясаттагы «аба-ырайы» дагы айланадагы абанын ырайындай эле кайнап жатат. Ушундай аптапта, ошол саясаттын миң кырдуу агымында баратып, жаркыраган бир жылдыздын өчкөнү эске түшөт…
Кыргыз элинин чынчыл, чыгаан, келечектен көптү үмүттөндүргөн, эл-жеринин ар-намысын көтөрүп кетчү уулулдарынын бирден-бири Темир Жумакадыров жөнүндө айтайын дегеним…
Эгерде Темир тирүү болгондо 4-августь күнү болгону туура 40 жашка гана чыкмак. (Ал 1979-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Рыбачье, азыркы Балыкчы шаарында туулган.) Чолпон-Ата шаарындагы С.М. Киров атындагы орто мектебинен билим алган… Темир өзүнүн өмүрүнүн кыска жолдорунда, кыраакылыгы, тазалыгы, чечкиндүүлүгү менен далайлардын эсинде калды деп ойлойм. Азыркы учурдагыдай кадр саясаты алешемдикке батып жаткан чакта Темир Курмангазиевичтин мамлекетчил сапаты минтип аргасыздан эске келип, көкүрөк менен көөдөндөгү ойлорду булкутуп атпайбы, аттиңдики! … Анын акыркы кызматы 2017-жылдын так ушул маалдагыдай август айында Кыргыз Өкмөтүнүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалганы болгон. Ал кызматта 1,5 жылга жетпеген гана убакыт иштеди…
… Ошондо, 2017-жылы президенттик так үчүн күрөш апогейине жетип, өлкөдө күч атасын тааныбай турган абал жаралып турган эле. Ошол кезде бийликчил партиядан көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоодо өзүнүн жигиттик убадасын берип, СШЖ менен тандем болгон Сапар Исаков жетектеген Кыргыз Өкмөтү шайлоону чыр-чатаксыз, жыйынтыктуу өткөрүш үчүн көзөмөлдөө тобун түзөт. Респубикалык масштабдагы түзүлгөн ошол көзөмөлдөө тобун алгач андагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жетектей баштайт. Бирок, мындай чоң күрөштө Д.Зилалиев өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарууда борпоңдук кылдыбы же ката кетирдиби, айтор ал өзүнө жүктөлгөн милдетинен алынып ордуна Темир Жумакадыров дайындалат…
Ошентип, 2017-жылдын 7-октябрында, таң супасы тартып турган, шоссе автомобилдерге анчейин тыгыла элек, трасса дагы ээн болуп турган маалда Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу аймакта жол кырсыгы жаралат. Натыйжада, оор жүк ташуучу КамАЗ автомашинасы бет маңдайында келе жаткан «Тойота Лэнд Крузер» автомашинасын бычырата сүзүп, ошол автоунаада бараткан (Толкундай толкуган кыргыздын кыйын жигиттери!) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Мукановдор жол кырсыгы өтө катуу болгондуктан ошол жерден жан берет… (Ошол каргашалуу жана табышмактуу жол кырсыгы болгон күнү Жумакадыров Темир Курмангазиевич республикадагы шайлоо участкаларынын даярдыктарын текшерүү максатында, андагы талапкер С.Жээнбековдун негизки оппоненти болуп турган талапкерди өзгөчө колдоого алып турган Талас облусуна бараткан…
…Не дейли!? Бир гана нерсени ишенимдүү айтып кете алам, Темирдин жаркын элеси, түз сапаты кыргызымдын кыйын жигиттеринин жүрөгүндө көпкө дейре сакталаарын…!
Кенжебек Арыкбаев