Мурунку өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевге карата УКМК ушул жылдын 1-мартында «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ал мамлекеттик кызматта иштеген маалында өзүнүн расмий кирешеси менен дал келбеген мүлктү, тактап айтканда, 20дан ашык элиталык батирлерди, Бишкек шаарынын VIP шаарчаларындагы турак үйлөрдү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, жер тилкелерин сатып алган. Ысык-Көл жана Чүй облустарында, ошондой эле Түркияда жана Бириккен араб эмиратында кыймылсыз мүлктөрү бар экени аныкталган.
Январь айында Алиярбек Абжалиев Бишкектен Стамбулга учуп кеткен.