Ош шаарында 63 жаштагы жаран мугалимди атып өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 26-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну Б.А.ны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Ал Кара-Суу районунун 1958-жылы туулган тургуну болгон.
«Кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Кылмыш жасаган соӊ, эски тааныштарынын биринин үйүндө бекинип жаткан жеринен кармалды. Учурда шектүүнүн берген көрсөтмөсүн текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту менен (Пайда көрүү максатында киши өлтүрүү) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери уланууда.
Буга чейин 23-март күнү Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүндө азиат түспөлүндөгү, 30-35 жаш чамасындагы жарандын жансыз денеси табылганы кабарланган. Кийинчерээк аны атып кетишкени такталган.









