UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө спорттон кетти.
Промоушендин президенти Дана Уайт өзүнүн Twitter баракчасына жарыялагандай, бул мушкердин акыркы чечими. Эске салсак, Нурмагомедов 2018-жылы Эл Яквинтаны утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курун тагынган. Кийин Конор Макгрегор,
Дастин Порье жана Жастин Гэтжи менен беттешип, наамын ийгиликтүү коргогон.
Россиялык мушкер 2020-жылы октябрда Гэтжини уткандан кийин карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. 32 жаштагы Нурмагомедов ММА спортунда
29 ирет беттешке чыгып, баарында тең жеңишти камсыздай алган.







