1-мартта саат 23.59да жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан партияларды каттоо үчүн билдирмелерди жана документтерди чогултуу аяктады. Өзүн өзү көрсөткөн айылдык кеңештин талапкерлери үчүн мөөнөтү 11-мартта аяктайт. Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.
Бишкек АШКга арыздарды жана зарыл болгон партиялык документтердин пакетин тапшырууга төмөнкү партиялар жетишти:
«Улутман»
«Тынчтык»
«Айкөл Кыргызстан»
«Кыргызстан»
«Ак Бата»
«Кыргызстандын Прогрессивдүү жаштар партиясы»
«Замандаш»
«Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын партиясы»
«Реформа»
«Биздин адамдар»
«Кыргызстан коммунисттер партиясы»
«Ынтымак»
«Тандоо эркиндиги»
«Ишеним»
«Кыргызстан социал-демократтары»
«Патриот»
«КЭДП»
«Жашылдар партиясы»
«Ыйман Нуру»
«Эмгек »
«Бүтүн Кыргызстан»
«Улуу Журт»
«Республика»
«Элдик партия»
«Элге бийлик»
«Кыргызстан социалисттик партиясы»
«Ата Журт Кыргызстан».









