Домой Коом Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 1,7 млрд сом суммасында 1410 ипотекалык насыя берди

Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 1,7 млрд сом суммасында 1410 ипотекалык насыя берди

101

28367w660h490croplr

Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК жалпы 1,7 млрд сом суммасында 1410 ипотекалык насыя берди. Мындай маалыматты «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармалык төрагасы Бактыбек Шамкеев өткөн аптада өкмөтүн «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди. “Өкмөттүн «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай» программасы боюнча насыя алгандардын көпчүлүгү бул — билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери. Мындан тышкары ипотекалык программа боюнча турак-жай сатып алгандардын көпчүлүк бөлүгүн бюджеттик мекемелердин, анын ичинде маданият ишмерлери, социалдык камсыздоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери түзөт. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай» программасына катышуу үчүн жашаган жери боюнча арыздарды кабыл алуу улантылууда», – деп белгиледи ал.

“Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” ААК башкармалык төрагасы Бактыбек Шамкеев маалымдагандай, азыркы учурда базар экономикасы талап кылган жаңы үч продукцияны ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. order estrace on line.

“Биринчи долбоор – бул жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртуу үчүн ипотеканын жардамы менен коммуналдык же жалпы типтеги өздүк бөлмөсүнөн турган толук кандуу батирди сатып алуусун камсыз кылуу. Экинчи долбоор — турак-жайды ижарага алуу менен кийин батирди сатып алуу. Үчүнчү долбоор – бул төлөм топтоо ипотекасы. Мында жарандар ипотекалык насыя алууда алгачкы төлөмдөр үчүн каражаты жок жарандар, атайын эсептеги каражаттардын эсебинен ала алышат. Бул келечекте турак-жайды жеңилдетилген шартта алууга мүмкүнчүлүк түзөт», – деп билдирди Бактыбек Шамкеев.

Баса белгилөөчү жагдай, бүгүнкү күнгө карай «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК Бишкек жана Ош шаарларында, облус борборлорунда жана республиканын башка шаарларында эконом-класстагы турак-жайларды куруу боюнча бир нече ирет тендер өткөрдү. Мунун өзү өкмөт тарабынан өлкөбүздөгү турак-жай таңкыстыгын чечүүгө карата көрүлүп жаткан зор камылга экендиги айдан-ачык. Өз кезегинде өкмөттүн мындай колдоого алчу иштерин баса белгилеп көрсөтүү ашыктык кылбайт.