Премьер-министр бааларды жогорулатуу жана маянаны кыскартуу боюнча кезектеги планын элге жарыялардын алдында эл менен жолугууга келет. Ал жолдон өтүп бараткан жакшы кийинген, бирок ырайы үтүрөйгөн кишини токтотуп, мындай деп сурады:
-Айтыңызчы, эгерде биз баалардын баарын 50 пайызга жогорулатсак, бардык салыктарды 40 пайызга көтөрсөк, анан да үй камсыздоого кошуп, машине камсыздоону, өсүмдүктөрдү камсыздоону милдеттүү түрдө мыйзам менен киргизсек, сиз кандай жашайт элеңиз?
-Анын эмнеси бар экен, буга чейин жашап келгендей эле жашай беребиз да.
-Жакшы… А эгерде 100 пайызга көтөрсөкчү?
-Анда деле акчам жетмек.
-Ошондой деңиз, — премьер сүйүнүп кетти, — а эгерде 500 пайызга жогорулатсакчы?
-Аа… анда мен Италиядан ак сарай сатып алмакмын!
-Ошондойбу??? – премьердин эси оой жаздады, — а сиз ким болуп иштейсиз?
-Өлүктөрдү акыркы сапарга узатуу бюросунун деректиримин.