Кечээ күнү Республикалык аскер соту 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча Чубактын кунундай созулган соттук ишти улантты. Мамлекеттик айыптоочулар негизги күнөөкөрлөр Мурат Суталинов менен Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу өтүнүчүн келтирип, экөөнүн 20-25 жылга эркинен ажыратылганын айтышты. Айыптоочулардын минтип айтып жатканына карганда бул эки эргулуң бош жүрүшкөнбү. Эл болсо, аларды абакта жатышат деп билишет. Кыязы, Суталиновдор эркиндик маселеси боюнча жакшы аракет кылып жатышкан өңдөнөт. Эгер алар абактан бошоп кетсе, таң калуунун деле кажети жоктур. Эмнеге дегенде буга чейин, түрмөнүн түбүндө чирип өлүшт делген Азиз Батукаев, Акмат Бакиевдер чаламандын чак түшүндө өтө үлкөн урмат-сый менен каалаган багытына узатылбады беле…